Домой Саясат «Таза шайлоо үчүн» кыймылы тɵңкɵрүшчүлɵрдү колдойбу?

«Таза шайлоо үчүн» кыймылы тɵңкɵрүшчүлɵрдү колдойбу?

61

how to stay hard after coming. Без названия

Мындан башкача суроо коё албай турабыз.  Аталган кыймылдын жакында эле камакка алынган Канат Исаевге байланыштуу айткандарын кандай түшүнүүгɵ болот?

Кыймыл атайын кезектеги жыйынын ɵткɵрүп, анда Кыргызстандагы шайлоо алдындагы кырдаалды талкууга алышып, таза, тынч, мыйзамдуу шайлоону жакташарын билдирип чыгышты.  Таза шайлоону жактоочулардын катарында экс-президент Роза Отунбаева, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев, саясатчылар Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, Абдыганы Эркебаев ж.б. бир катар бейɵкмɵтчүлɵр, жарандык активисттер болушту. Алар ɵздɵрү шайлоо алдындагы кырдаалга байланыштуу эч кимди жактабай тургандыктарын, конструктивдүү, нейтралдуу пикирлерин, кɵз караштарын айта тургандыктарын эскертип ɵтүштү. Саясаттагы «пенсионерлер» менен бош жүргɵндɵр чындап эле акылдарына келишкен го, калыс пикирлерин айтышат го деп турсак, тилекке каршы, бир жактуу пикирлерин таңуулап туруп алышты.

Айтылгандардын  тɵркүнү бирɵɵ гана  болду. Алардын айтымдарында, учурда административдик ресурс жогорку деңгээлде пайдаланып жатыптыр. Бирок ага конкреттүү, далилденген бир фактыны келтире алышпады. Баамдаган адамга, таза шайлоону жактоочулардын түпкү максаты – президенттикке талапкер Бабанов менен камакка алынган Исаевди болушунча жактап, бийликти каралап, жамандоо болгон окшойт. Болбосо, эмне үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракеттери, фактылары боюнча ооз ачканга жарашкан жок? Эмне үчүн андай кɵрүнүштɵр боюнча БШКга, прокуратурага кайрылып, тиешелүү чараларды кɵрүүнү талап кылышпайт? Анан да таза шайлоону жактагандарына жол болсун!

Баарынан таң калтырганы, шайлоонун шарданы менен массалык башаламандык уюштурууга камданып, ал үчүн УКТ мүчɵлɵрү менен «достошуп» аларды каржылап жаткандыгы тасмага түшүрүлгɵн Канат Исаевдин элдин кызыкчылыгына каршы келген аракети боюнча бир ооз калыс пикир айта алышпады. Тескерисинче, Исаев УКМКнын атайылап жасаган курмандыгы болгондугун айтышып, ага боорлору оорушкан тейде жан тартып койгондуктарын кантебиз? Алардын айтымында, УКМК Исаевди Бабановдун  тарапташы болгону үчүн гана камакка алып, айыптап жаткан имиш. Логикаң менен куруп кал! Демек, Исаевди камакка алууга Бабанов гана себепчи болгон экен да. Видео тасмадагы анын криминалдык чɵйрɵнүн анабашчылары менен олтуруп, аларга тапшырмаларды берип, жүз миңдеген сомдорду берип жатканын эмне, таза шайлоонун жактоочулары кɵргүлɵрү келишпейби? Аларга караганда Канат Исаевдин агасы, милициянын генералы Талант Исаевдин абийири, намысы бар экен. «Инимдин кылып атканы тигил болсо, мен кантип укук коргоо тармагында иштеп жүрɵ алам» деген кыязда кызматынан ɵз каалоосу менен кетти. Бул анын инисинин мыйзамсыз, антиэлдик кадамга барганын  моюндагандык эмей эмне?

Анан да таза шайлоонун жактоочулары Канат Исаевди колго түшүрүүдɵ аны менен сүйлɵшкɵн адамга жашыруун камера тагылып, ал Исаевди атайын провокациялык маанайдагы сүйлɵшүүлɵргɵ түрткɵнүн айтышты. Маселе, УКМК  ал балага кантип камера тагып, операцияны кантип ишке ашырганында эмес, маселе, массалык башаламандык уюштургусу келген адамдын аракеттерин тасмага түшүрүп, анын кутум максаттарын ойрон кылууда болуп  жатпайбы. Мейли, ал Исаевби, же башкасыбы, бирок мында чоң кылмышка, мыйзамга каршы иш-аракетке жол берилген жок.  Бул жерден УКМКнын ɵз милдеттерин так, кесипкɵйлүк менен аткаргандыктарын калыстык үчүн белгилебей коюуга болбойт.

Таза шайлоонун жактоочулары  Бабановдун Оштун Он-Адырда сүйлɵгɵн сɵздɵрү боюнча да туура сɵздɵрүн айта алышпады. Сыягы, чындап эле Бабанов менен Исаевди жактоо үчүн чогулушкан окшойт. Жалаң ɵзбектер конуштаган Он-Адырда Ɵмүрбек Бабанов эмне деп сүйлɵдү? «Чɵгɵлɵп жашагандан кɵрɵ тике туруп ɵлгɵн артык» деп, ɵзбектерди кыргыздарга кайраштырбадыбы.  Мында таза шайлоого шек келтирүү мындай турсун, ɵлкɵнүн бүтүндүгү, элдин биримдиги, стабилдүүлүк, тынчтык маселелери туруп атпайбы! Учурда анын минтип айткандары элдин бардыгынын кыжырын келтирип жаткан чакта таза шайлоонун жактоочулары Бабановду  айткандары үчүн айыптап, ɵлкɵдɵгү стабилдүүлүктү, тынчтыкты жактаганга жарашпады. Же түпкүлүгүндɵ алар Бабановдун айткандарын колдошуп, ɵлкɵдɵ дестабилдүүлүк орун алуусун каалашабы?

Бабановдун айткандары тууралуу сɵз кылып жатышып, алар «Бабановдун айткандарын контексттен бɵлүп алышып, аны кайра-кайра теле, радиолордон беришип, аны менен провокация  кылып жатышат», — деп билдиришти. Алардын ою боюнча, Бабановдун айткандары Он-Адырда эле  калып, аны элге, журтка айтып, кɵрсɵтпɵɵ  керек беле? Бирок ар ким мыйзамсыз аракеттери үчүн  жоопкерчилик тартышы, эл кимдин ким экенин билиши керек го…

Таза шайлоонун жактоочуларына  кɵрсɵ  кɵрмɵксɵн, билсе билмексен болуп, Бабанов менен Исаевдин таламын талашып, экɵɵсүн жактоого аракет кылууларына анчалык эмне күч келди? Мыйзам ченемдүү суроо. Кыязы, «карга карганын кɵзүн чокубайт» деген кыргыздын макалын ушул жерден пайдалансак  куп жарашчудай.  Дегенибиз, Бабанов менен Исаев ким? Образдуу айтканда, кызарган жерди баса калышкан, кызматынан акча жасап кɵнгɵн, элдин ырыскысына кол салгандар экенин  калың журт деле жакшы билет. Таза шайлоочулардын жактоочулары жɵнүндɵ деле ушуларды  айтууга болот. Сүйлɵшсɵ тилдеринен чаң чыгып, айткандары акылды аңтарганы менен ɵткɵнүн карай келсең, калбырлары, былыктары толтура, күмɵндүү иштерге малынган, коррупциялык иштерге кириптер болгон экстер. Анан алар ɵздɵрүнɵ окшогонду коргоп, жакташпаганда, коррупцияга аралашпаган, ак, таза иштеп келаткан Сооронбай Жээнбековду колдоого алып, жакташмак беле? Дегеле «Таза шайлоо үчүн» кыймылындагылар логикага сыйгыс аракеттери менен шайлоодо кимди, эмнеге колдой тургандыктарын да  каңкуулап коюшту.

Э. Каптагаев, Р. Жээнбеков, А. Эркебаевдин  ж.б. абалы го түшүнүктүү. Иши кылып эле бийликтин талапкери ɵтпɵй калса, же ызы-чуу орун алса, ошонун шарданы менен бир жерге илинип калсак, саясыйбы, финансылыкпы дивидендге ээ болсок дегенде эки кɵздɵрү тɵрт. Бош жүрɵ беришип, бийликте, кызматта  турган кездерин сагынып калышты да…

Ал эми Феликс Кулов менен Роза Отунбаевачы? Феликс Кулов пенсиясын алып, ден-соолугун, ɵмүрүн тилеп  неберелеринин кашында эле отурбайбы. Роза Отунбаева болсо экс-президент. Экс-президентке минтип саясий оюндарды уюштуруп, оозуна келгенди сүйлɵй берүү жарашпайт, абийир алып келбейт. Ɵзүнүн кадырлуу ордун билип, саясаттан алыс болуп, журналисттер кайрылышса, калыс пикирин гана айтып коюп жүрɵ берсе болмок. Ɵмүрү ɵткүчɵ мамлекеттин эсебинен каржылоого алынган. Эмне жетишпейт? Же эмне, Батыштан келип жаткан жашылбайлар жайын жай алдырбай, бир жерде отургуздурбай жатабы?