Домой Саясат «Акыйкат шайлоо үчүн» деп, бирок акыйкатты сүйлөбөгөндөр

«Акыйкат шайлоо үчүн» деп, бирок акыйкатты сүйлөбөгөндөр

54

firsttrustedpharmacy. BB455E77-DA75-4B1F-A6B8-44AC2C06652A_mw1024_mh1024_r1_s

3-октябрда борбор калаабызда баягы эле кызматтан куру калгандар, бийликке таарынгандар жана батыштан каржылангандар чогулуп, «Акыйкат шайлоо үчүн» аттуу кыймылдын атынан жыйын өткөрүштү.

Жыйынга катышкандардын башында бул ирет экс-депутаттар Абдыганы Эркебаев, Феликс Куловдор болду. Алар «шайлоо таза өтүш керек, бийлик буга шарт түзүш керек» деген мурдатан айтып келаткан сөздөрүн кайрадан кайталашты. Ф. Кулов: «Эгерде шайлоодон кийин менин бюллетенимди ким таап ала турган болсо, мен ага өзүм жашап аткан үйүмдү берем, бул сөзүмө турам, менин бюллетенимди эч ким таба албайт, андыктан ким кимге добуш бергени билинип калат деп коркпогула» деди.

Албетте, анын айтканында калет жок. Бирок, бул жаңылык деле эмес экенин, кайсыл шайлоочунун кайсыл талапкерге добуш бергенин өзүнөн башка эч ким билбей турганын ансыз деле бийлик өкүлдөрү айтып келатат. Ошондон улам административдик ресурс да колдонулушу мүмкүн эмес экендигин да көптөн бери эле айтып келатабыз. Андан көрө ушул аксакал саясатчылар шайлоодо элдин добушун сатып алууну көздөп аткандарды ал аракеттеринен баш тартууга чакырып коюшса алдаканча дурус иш болмок.

Анан дагы алар президенттикке талапкер Ө. Бабановдун кызыкчылыгына ачык эле иштеп аткандарын канчалык жаап-жашыргылары келгени менен билгизип алышты. «Бабановдун Ошто сүйлөгөн сөзүнөн үзүндүлөрдү кыркып алышып, аны улуттар аралык кастыкты козутууга пайдаланып жатышат» дешет алар. Ушуну айтаардан мурун бул жыйындын катышуучулары Ө. Бабановдун ошол жолугушууда сүйлөгөн сөзүн толугу менен угуп алышса болмок экен. Толук угуп чыгышканда деле анын атайылап эки улуттун ортосуна от жагуу аракетин көргөнүн байкашмак. Андыктан бир талапкердин кызыкчылыгында жыйын өткөрүп алышып, анан аны «Акыйкат шайлоо үчүн» деп атап алышканына жол болсун!