Шайлоодо мыйзам жолу менен эмес, бизди мыйзамсыз жол менен четтетип кое алышпайт. Бул тууралуу “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев бүгүн, 25-августтагы маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал партия БШКга документтерин каттоо учурунда чыккан чыр тууралуу маалымат берди.
“Башка партиянын өкүлдөрү БШКга кысым кылды. Биз да барып укугубузду талашып ызылдасак болмок. Бирок биз андайга барган жокпуз. Биздин партиянын өкүлү БШКнын имаратына саат 18:00гө чейин кирген. Кандайдыр бир саясий партиялар өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, артында 100 миңдеген шайлоочусу бар партияны четтетип коюуга жол бербейбиз»,- деди Исаев.