Убадасын аткарбаган партиялар кайрадан шайлоого аттанганы, элге жек кɵрүнүп бүткɵн саясатчылар чекеге чыкпай кайрадан бийликке жутунганы калайык журттун жанын кашайтып, кабыргасын кайыштырууда. Буларда бери дегенде адамдык уят-сыйыт деген нерсе жок экени кɵрүндү, тастыкталды. Атай айтсак, 2015-жылдагы парламенттик жарышта кооз убадалары жана калың капчыгы менен элдин башын заматта тегеретип, Жогорку Кеңештин тɵрүн ээлеген “Кыргызстан” партиясы беш жыл ичинеде эч нерсе жасаган жок. Шылуундардан куралган партия элдин кɵйгɵйүн кɵтɵрбɵстɵн, ɵз бизнестерин гүлдɵтүү менен алек болду. Мамлекеттин тагдыры, элдин келечеги боюнча ооз да ачкан жок. Ɵлкɵбүздү олчойгон карызга батырган, Кытайга кɵз каранды кылган чоң кредиттер алынып, алар экс-ажо Атамбаевдин командасы тарабынан майкандалып жаткан маалда кыңк эткенге жарабады. Тескерисинче чыккынчылык аракеттерди колдоп-коштоп, кылмыштуу иштерин мыйзамдаштырып отурушту. Калк алдында берген убадаларын унутуп, ɵз мүдɵɵлɵрү менен алектенди.
Эми ошол беш жыл аралыгында эч нерсе аткарбай, мамлекетти миллиарддаган карызга батырган кылмышкерлерди (Атамбаев командасы менен бирге мамлекет алдында кылмыш жасаганы сот тарабынан далилденип, ондогон жылдарга кесилди) колдоп отурган «шылуундар» күздɵгү шайлоого катышууга камынып, БШКга арыз жазышты. Тактап айтканда, алдым-жуттумдар Жогорку Кеңештин тɵрүн ээлегенге аракеттене баштады. Беш жыл бою мамлекет үчүн кыпындай дагы иш кылбай, атургай айткан убадаларынын бирин да аткарбай, элдин акысын ченебей жеген нойондор беттерин кызартпастан күздɵгү шайлоодо кайрадан кыргыз калкын азгырабыз деп турушат. Эгер элибиз дагы алданып калчу болсо, анда ɵлкɵбүздүн келечеги жɵнүндɵ ойлонбой деле койсок болот. Алдыдагы беш жылда мамлекетти биротоло сазга батырып, карыздан башы чыкпай тургандай кылат. Анда мекенибиз Кыргызстандын атын партияга энчилеп, бирок атына затын тɵп келтирген кɵзгɵ толумдуу иш жасабаган эрендердин бирикмесинин кылган кылыгы жана баскан изи боюнча азыноолак кеп козгойлу.
«Кыргызстан» партиясы Жогорку Кеңештин босогосун аттаган күндɵн тарта ызы-чууга малынды. Партияга добуш топтоп берген Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенамановага деген эки айымды чыркыратып туруп мандатынан ажыратышты. Белгилеп коюшубуз керек, аялзатына карата мындай адилетсиздикти буга чейин бир да партия жасаган эмес эле. Аталган иш сотто каралып, фемида ɵкүлдɵрү эки башка чечим чыгарышты. Бишкектин Биринчи Май райондук соту БШКнын чечимин мыйзамсыз деп четке какса, Жогорку Сот тескерисинче мыйзамдуу деп таап, партиянын мүдɵɵсүн ишке ашырып берди. Бул кɵрүнүш соттук системанын чирип бүткɵнүн дагы бир ирет тастыктап, иш жең ичинен чечилгенин далилдеген. Айтор, чү деген жерден эле аталган партиянын жетекчилери шайлоодо бирге чуркап, добуш топтоп берген талапкерлерге карата адилетсиз, парасаты тɵмɵн мамилесин кɵрсɵткɵн. Бул алгачкы коңгуроо эле.
Жалаң бизнесмендерден куралган шылуундар парламенттин ичинде жеке кызыкчылыктарын гана ɵркүндɵтүшүп, Атамбаевдин кылмыштуу бийлигин жантыгынан жатагалып колдоп жатышты. Шайлоо алдындагы саясат талдоочу Табылды Акеровдун: «2015-жылы «Бир Бол», «Ɵнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан» жана башка партияларды Атамбаев ɵзү эле түзүп салган. Булардын партиялары парламенттик шайлоого 6 ай калганда катталышкан» деген билдирүүсү турмуш чындыгында далилденди. ЖЭБди модернизациялоо, Датка-Кемин чубалгысын куруу, Тарых музейин оңдоо, Чолпон-Атадагы стадионду жаңылоо ж.б.у.с. шойкомдуу иштерде Кыргыз мамлекети Кытай ɵлкɵсүнүн алдында олчойгон карызга батып жатканда, кредитке келген миллиондогон долларлар жемкорлор тарабынан уурдалып жатканда «Кыргызстан» партиясындагылардын бири да ооз ачканга жарабады. Мамлекет үчүн тикесинен тик туруп, эл ɵкүлдүк милдетти бири да аркалай албады.
Ɵкүнүчтүүсү, беш жыл аралыгында «Кыргызстан» партиясынын ичинен мыйзамсыз соода-сатык кылгандар, уюшкан кылмыш дүйнɵсүнɵ аралаш жүргɵндɵр, коррупцияга колу малынгандар бар экени ачыкка чыкты. Атай айтсак, 2017-жылы 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдɵрү «Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Дамирбек Асылбек уулун чек арадагы аткезчилик боюнча колго түшүрүп, тергɵɵ иштеринин жыйынтыгында он жылга эркинен ажыратышты. Депутаттын кылмыштуу ишти жасап жүргɵнү дүйнɵ жүзүнɵ дүң болуп, ɵлкɵнүн эларалык аброюна сокку урулду. Андан кийин партиянын дагы бир белдүү депутаты Урматбек Самаевдин Токмоктогу курал колдонуп атышкан чоң жаңжалда аты чыгып, кийин комитетке талапкерлиги кɵрсɵтүлгɵн маалда уюшкан кылмыш дүйнɵсүнɵ тиешеси бардыгы ЖМКлар тарабынан бир нече ирет айтылды. Бирок, «токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет» дегендей, ириң иштин бети ачылбай калып кетти.
Кызыгы, «Кыргызстан» партиясынын башында турган лидери Канатбек Исаевге эки кылмыш иши козголуп, 2017-жылдын 30-сентябрынан 2018-жылдын 18-июлуна чейин, дээрлик бир жыл бою УКМКнын тергɵɵ абагында отурду. Исаевге бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголуп, ошондой эле Токмок шаарында мэр болуп турган учурундагы иштери боюнча коррупция айыбы коюлган эле. Иши биротоло ириңдеп, түрмɵдɵн чыкпай тургандай жагдай жаралып калган. Кандай жолун тапты билбейбиз, темир тордо кɵзүн кызартып отурган Исаевди капастан чыгып, чыгарып эле тим койбостон кайрадан парламенттин тɵрүнɵн орун алды. Эгер күнɵɵлɵрү далилденсе Исаев бийликти басып алуу айыбы менен Б.Асанов, К.Кадыров ɵңдүү 10 жылдан ашык соттолуп, темир тордун артында чиримек.
Мына эми ошол Исаев баштаган шылуундар беш жыл ичинде кыпындай иш жасабаганы, мɵɵнɵтүн жалаң майталканда ɵткɵргɵнү аз келгенсип, күз айына мерчемделген парламенттик шайлоого катышууга камынып алышыптыр. Жогорку Кеңештин тɵрүн ээлейбиз деп шымаланып турушат. Былтыр VI курултайын ɵткɵрүп, ал жыйында элден кечирим сурабастан, 18 депутат менен маселени чечүү мүмкүн эместигин айтып ооздорун куу чɵп менен сүртүшкɵн. Таңгɵрү десе, буларда уят-сыйыт деген калбаптыр да. Баса, карантиндеги жагдайдан пайда чыгарууну кɵздɵшүп, 19-20-май күндɵрү «Кыргызстан» саясий партиясы Токмок шаарындагы жана Чүй районундагы жашоочуларга тамак-аш салынган баштык таратышты. Аны ММКлардан жар салган К.Исаев: «Биздин партия коронавируска каршы күрɵшүүдɵ, алгачкы күндɵн тартып жардамга кол сунуп, бардык облустарга үзгүлтүксүз колдоо кɵргɵзүүдɵ» деп оозун кɵптүрдү. Баштык алган элди оң-тетирисинен сүрɵткɵ тартып, социалдык түйүндɵргɵ жайнатты. Эми чындыкты тике карайлычы, беш жыл бою үн катпай, мамлекетти карызга батырган кылмыштуу бийликти колдогон партия бир баштык менен элди алдайм дегени туурабы, туугандар?
Албетте, коомубузду кайдыгерлик каптап, калың катмардын аң-сезими майдага байланып калганын тана албайбыз. Бирок, бир баштык үчүн беш жылдык келечекти шылуундардын колуна карматуу – ɵзүбүздүн урпактардын алдында кылмышка тете иш экенин ар бирибиз билүүгɵ милдеттүүбүз. «Кыргызстан» партиясы анчалык мекенчил болсо, эл үчүн күйсɵ – эмне үчүн жок дегенде ЖЭБти модернизация кылуу үчүн Кытайдан 385 миллион доллар легитимсиз алынганда кыйкырып чыкпады? Жок дегенде Жогорку Кеңеште үч окуудан мыйзамсыз ɵтүп жаткан маалда айкырык салса жарашпайт беле? Ал бүгүнкү баштыктан миң эсе жогору иш болчу. Беш жыл бою тымпыйып жатып, анан шайлоого келгенде күйүмдүү болуп калышканы акылга сыйчу ишпи? Акыры түбү бет деген болуш керек да. Элди алдоодон коркпосо дагы Жараткандын сурагынан ийменбейби? Бүгүн шумпайлар менен элди алдап чардаганы менен эртең Кудай алданда эмне деп жооп берет?
Ооба, буларда уят-сыйыт деген нерседен ныпым жок экенин эл билип бүттү. Демек, жыйынтыкты чыгарышыбыз керек. Шайлоодо алкымга же акчага алданбай жалпы коомчулук чекитти коюп, Исаев баштаган алдым-жуттумдардын тумшугун сындырышы зарыл. Эгер боорукерликке салып, же боло келгендей кайдыгерлик менен шумпайлардын бал тилине кайра азгырылса, анда алдыдагы беш жылды куру беркер жоготобуз. Кайрадан ɵлкɵнүн карызы кɵбɵйɵрүнɵ күмɵн санабай деле койсок болот. Мамлекет ордунан жылбайт. Ɵнүгүү жɵнүндɵ сɵз кылуунун кажети жоголот. Анткени, бул шүдүңгүттɵрдү билип бүтпɵдүкпү. Эптеп парламентке кирип алгандан кийин жегенден башканы билбейт. Андыктан, айланайын замандаштар, ар бирибиз ак менен караны, жаман менен жакшыны так ажыратып, жеке керт башынан башканы ойлобогон алдым-жуттумдардын тилегин таш каптыралы, азуусун сындыралы. Ал биздин колубузда. Аткарылбаган убадалары менен жарга такайлы, колго чабалы! Беш жыл мурунку алдамчылыгын эске салалы.
«Кыргызстан» партиясынын 2015-жылы берген убадалары:
Баарына маалым, 2015-жылы «Кыргызстан» партиясы «Башкалар убада беришет, биз аткарабыз!» деген ураан менен шайлоого аттанган. Мунусу турмуш чындыгында жалган экени аныкталды. Булар деле башкалар ɵңдүү убада гана берери билинди.
Шайлоо алдында партия «Жети кадам» аттуу программасын жарыялаган. Программанын биринчи кадамы «Ыймандуу Кыргызстанды куруу» деп аталган. Анда эң негизгиси каада-салттарды сактоо, мамлекеттик тилди ɵнүктүрүү керектиги белгиленген. Иш жүзүндɵ каада-салтты жана кыргыз тилин ɵнүктүрүү боюнча бир да иш аткарылбады. Мыйзам жазылган жок. Жылаңач кыздар, кызтеке-гейлер тарабынан кыргыздын каада-салты тепселип, дили бузуктар тарабынан калпак сындуу улуттук кийими шылдыңдалып, «Манас» баштаган акыл мурастары кордолуп жатканда бири да үн катпады.
Андан кийинки кадамда «Дени сак Кыргызстан» деген ден соолук жаатында убада берилген, анын жытын да сезбедик. Андан ары «билим, мыйзамдуулук, жигердүү ишкерлик, экологиялык таза продукция ɵндүрүү аркылуу бакубат Кыргызстанга жетүү» сындуу орошон убадалары белгиленген эле, алар куру сɵз бойдон калды. Кайран эрендер «лапшаны» кулакка илген экен да кызталактар.
Мыйзамдуулук каралган пунктта «уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрɵш, сот реформасын аягына чыгаруу» негизги милдет катары кɵрсɵтүлгɵн болчу, бул жаатта аракет да, мыйзам жазуу да болгон жок. Тескерисинче, арасынан уюшкан кылмыштуу топко тиешеси барлар, аткезчилик мафиясынын башында тургандар аралашып алганы ачыкка чыкты. Мындай кишилери бар партия кылмыштуулукка каршы күрɵшɵ алмак беле?
Партиянын элге эң эле белгилүү убадасы – «Ар бир жаңы тɵрɵлгɵн балага 50 миң сом сүйүнчү акча берүү» болгон. Бирок ишке ашкан жок.
К.Исаев: —«Студенттердин стипендиясын кɵтɵрɵбүз».
DF: –Бул жаатта иш аткарылмак түгүл, аракет да болгон жок. Студенттер боюнча беш жыл аралыгында бири да ооз ачпады.
«Кыргызстан» партиясы: –«Айылдык мугалимдерге жер тилкесин бɵлүп беребиз».
DF: –Жомоктогудай убада болгону менен шайлоодон кийин эле унутулган. Парламентте маселе кɵтɵрүшкɵн жок.
«Кыргызстан» партиясы: –«Бишкекте коомдук транспорт бекер болот».
DF: –Шаардыктарга бекер транспортту убада кылган «Кыргызстан» партиясы 500 автобусту дагы сатып алабыз дешкен. Жомоктор дүйнɵсүнɵ жетелеген бул убада шаардыктардын башын айлантуу гана болуп кала берди. Бекер транспорт түшкɵ да кирбеди, 500 автобуздун бири да келген жок.
«Кыргызстан» партиясы: –«Майыптарга араба менен дарылары бекер болот»
DF: –Дары-дармектер турсун, аярлуу топко жеңилдиктер каралган эмес. Кечээки пандемияда бекер дары турмак, акчага дары таппай калдык. Кана ошондо, «Кыргызстан» партиясы кайда жүрдү?
«Кыргызстан» партиясы: –«Ипотекалык насыянын мɵɵнɵтүн жети жылдан жыйырма жылга узартабыз».
DF: –«Кыргызстан» партиясынан депутат, бара-бара спикер болгон Дастан Жумабеков жездеси Бактыбек Шамкеевди Ипотекалык компанияга тɵрага кылгандан башка ипотека боюнча маселе кɵтɵрүлгɵн жок. Чамасы, ɵздɵрүнүн үйбүлɵлүк ипотекасын жыйырма жылга узартып алды окшойт.
источни: chyndyk.media