Домой Саясат Канат Исаев «Кыргызстандан» кетти

Канат Исаев «Кыргызстандан» кетти

333

Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидерлигинен кетти. Чечим партиянын съездинде кабыл алынган. «Кыргызстан» партиясынын жаңы лидери болуп «Аю холдингдин» вице-презденти Нурлан Абдыразаков шайланган.

Канат Исаев партия жетекчилигинин алмашуусу тууралуу комментарий берген жок.

Ал парламенттик шайлоого бир мандаттуу №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер катары бара жатат.

«Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү «Аю холдингдин» кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов бир мандаттуу №33 Нарын шайлоо округунан талапкер болуп катталган. Абдыкеримовдун талапкерлигин «Кыргызстан» партиясы көрсөткөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул жолу парламентке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.