Канкор президент Курманбек Бакиевдин колтугуна кирип жүрүп Токмок шаарынын жетектеп калган Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевдин соту 26-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда уланды. Отурумда мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин Токмокто мэр болуп турганда мамлекеттик жерди менчикке сатканы боюнча күнөөсү толугу менен далилденгенин айтышты жана аны 20 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.
Негизи эле Канат мырзанын бул иш боюнча күнөөсүн тастыктаган бир канча материалдар буга чейин эле жарыяланган. Тактап айтканда ал 2008-2010-жылдары «Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген. Муну менен мамлекетке миллиондогон сом зыян келген. Ошонун негизинде ага Кылмыш кодексинин 303-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон.
Исаевге тагылган күнөө бул эле иш эмес. Ал 30-сентябрда аз жерден мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп жиберүү алдында кылтакка илинген. Болгондо да 15-октябрдагы президенттик шайлоодо бийликти күч менен басып алууну пландап, ал үчүн “ээн баш” балдарга акча таратып жатканы да тастыкталган. Мына ошол окуядан кийин Канат Исаевге «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган» деген күнөө коюлуп камакка алынган.
Учурда Исаевге прокурорлор Томок шаарындагы иши үчүн гана 20 жыл сурап жатат. Ал эми төңкөрүш аракети боюнча кеминде 15 жыл берилиши мүмкүн. Ошондуктан Канат мырза жакынкы аралыкта темир тор артынан чыга албайт. Эмне дейбиз, жаңы жылды жакшы тоссун. Колун менен жасаганды мойнуң менен тартасын деген ушу тура.