“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоп сүйлөп жатып, Кыргызстан экономикалык жактан артта калды деп Тажикстанды мактаптыр. Чын эле биздин экономика “өлдүбү”?
— Төрөбаев айткан сөзүн далилдеп берсин, сүйлөп жатканда конкреттүү сандарды келтирбейби. Кыргызстандын кирешеси 6,9 пайызга чейин көтөрүлдү. Өткөн жылы Армения, Россия сыяктуу мамлекеттерде өсүш 1 пайыздын тегерегинде болуп турганда Кыргызстан 3,6 пайыз өсүштү камсыз кылды. Экспорт 30 пайызга чейин өстү. Бир эле сүттү сыртка сатуу 1,8 эсеге көбөйдү. Бул эмне жетишкендик эмеспи?
— Төрөбаевдин биздин өлкөнү Тажикстан менен салыштырып жатканын кандай баалайсыз?
— Эми чоң саясаттагы адамдар сүйлөр алдында атайын адистерден маалымат алып алса жакшы болот эле. Баш-аягы жок сөздөрдү айта бергенден өздөрү эле уят болот. Кыргызстанды Тажикстан менен салыштырууга такыр болбойт.