Домой Саясат Шайлоо 2021: Бир мандаттуу округдан талапкер катары дагы 5 жаран арыз берди

Шайлоо 2021: Бир мандаттуу округдан талапкер катары дагы 5 жаран арыз берди

92

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер катары катышуу үчүн дагы 5 жаран арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыздар Борбордук шайлоо комиссиясына 17-18-сентябрь күндөрү түшкөн. Анда депутат Канатбек Исаев бир мандаттуу округдан талапкер болору жазылган.

Талапкерлер:

— Байыш Курманов – №30 Ысык-Ата округу;

— Айбек Алтынбеков — №15 Базар-Коргон округу;

— Актилек Нурланбеков — №26 Ленин округу;

— Абдижамил Насиров — №3 Кадамжай округу;

— Канатбек Исаев — №31 Чүй-Кемин округу.

Буга чейин Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев, Нурлан Танабаевдер бир мандаттуу округдан арыз берген.