Домой Саясат Мыйзамды тоготпогон Канат Исаевдин эл билбеген дагы канча “былыгы” бар…

Мыйзамды тоготпогон Канат Исаевдин эл билбеген дагы канча “былыгы” бар…

875

4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого аттанган партиялар курултайларын өткөрүп бүтүштү. Азыркы пандемиялык шартка байланыштуу  партиялардын көпчүлүгү курултайга аз гана делегаттарын, мүчөлөрүн чакырса, шайлоого аттанган “ Кыргызстан “ саясий партиясы курултайын аябай эле “крутой” кылып 300 киши чакырып өткөргөн. Мыйзам боюнча ар бир партия  үгүт банерлерин 4- сентябрдан баштап жарнама илүүчү жерлерге илип башташ керек эле, бирок “ Кыргызстан” саясий партиясы бул жерде дагы мыйзамды бузуп 20-августа эле илип алган.

Борбордук шайлоо коммисиясынын буйругуна ылайык ар бир шайлоого катышкан партия 25-август саат 18:00 дө партиянын документтерин БШК га тапшырып бүтүш керек, бирок бул жерде дагы “ Кыргызстан” саясий партиясы мыйзамды бузуп айтылган убакыттан кечигип барып тапшырган. Бирок аны айрым депутаттар жана коомдук активистер байкап калып  Борбордук шайлоо коммисиясынын имаратынын алдына барып мындай мыйзам бузууларга нааразычылыктарын билдиришкен.Мындан бир канча ай мурда Бишкек шаарында, милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан терезелери  карангылатылгандыгы үчүн лексус 570 үлгүсүндөгү жол тандабас токтотулган, бирок унаанын айдоочусу эч кандай документтерин  көрсөткөн жок, эмнеге дегенде ичинде ишеничтүү кишиси бар экен, ал ишеничтүү киши аталган партиянын лидери Канатбек Исаев экен. Мына ушинтип Исаев бара жаткан унаа кайгуул кызматкерлерин көзгө илбей  жол тандабасын жорголотуп мыйзамды бузуп жолун улап кеткен. Көрсө “ Кыргызстан” саясий партиясы бир эмес бир канча жолу мыйзам бузуптур, бул коомчулук  билгени гана, а эл билбей калганы канча?  Мына ушул партия шайлоодон утуп Жогорку Кеңешке барып калса кайсыл мыйзамды жазып, кайсыл мыйзамдын негизинде иш алып барышат, өздөрү мыйзамды билбеген соң!

Булак: fakt.kg