Домой Саясат Ташиев өз кишисин Экотехинспекцияга жетекчинин орун басары кылып койдурду

Ташиев өз кишисин Экотехинспекцияга жетекчинин орун басары кылып койдурду

308

УКМКнын эки тизгин, бир чылбырын мыкчып олтурган Камчыбек Ташиев бийликке келгени өзүнүн досторунан, алыс туугандарынан жана тааныш-досторунун бир топ адамды ар кандай кызматка  алып барып жатканы ЖМКларда көп айтылып, көп жазылды. Маселен, Жалал-Абаддын губернатору анын өкүл баласы экенин жазып чыгышкан. Ал эми жакында эле Экотехинспекцияга директордун орун басары болуп дайындалган Кулматов Эделбек аттуу адам дагы Ташиевдин өз киши болуп эсептелери айтылды. Ал «Мекенчил» партиясынан тизмеде 30чу болуп  парламенттик шайлоого катышкан. Ага чейин, 2018-жылдын июнь айынан бери Сузактын Көк-Арт айылында айыл өкмөт башчы болуп иштеп келген. Ошондой Ташиевдин жеке менчик «Томас» компаниясын да  дагы директор болуп иштеген. Эделбек мырза деле жандалбастап жатып, өзү түшүнбөгөн кызматты басып жагылган экен. Чайналып, чарпалып жатып көнүп кетээр, бирок ортодо бир топ иштер талапка ылайык жасалбай «өлүп» кетээр…

Ташиев ооруканда ооруп жатканда: «Катуу иштейм, үлгүрүшүм керек» дедеии эле. Чын эле ал ушундай иштерге үлгүрүп жатабы деген ой келет…