—Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүгө моралдык укугу жок. Себеби, ал тунгуч президент катары өлкөдө авторитардык бийликти орнотуунун автору болуп калган. Акаевдин авторитардык бийлик орнотуусуна байланыштуу 2005-жылдын 24-мартында революция болгон. Эгерде Акаев 2005-жылы мыйзамдуу түрдө бийлигин өткөрүп берип кеткенде, Кыргызстанда эки жолу революция болмок эмес жана Акаев тарыхта эң мыкты президент жана лидер болуп калмак. Бирок, Акаев өлкөнү тополоң жолуна салып жиберип, андай мүмкүнчүлүктү кое берип жиберген.
Бирок, Акаевдин өлкөнүн тышкы карыздарын жоюуда мүмкүнчүлүгү зор. Эгер Акаев патриоттук сезимине байланыштуу өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө жардам берем десе, анда балким, Акаев үчүн атайы эсеп ачып берип, өлкөнүн карызын кечтирүүгө жардамдашууга мүмкүнчүлүк берсе болчудай. Эгер ушул жаатта Акаев өлкөгө жардам берсе, анда Акаевде дагы да болсо мыкты инсан катары элдин эсинде сакталып калуу мүмкүнчүлүгү бар. Мезгилдин өтүүсү менен эл Акаевди кечирип коюу мүкүнчүлүгү жогорулашы мүмкүн…
“Майдан.kg”