Домой Саясат “Феликс Кулов Аскар Акаевге ортомчу түшкөндүн ордуна өзүнүн кылмыш иштерине жооп берсин”

“Феликс Кулов Аскар Акаевге ортомчу түшкөндүн ордуна өзүнүн кылмыш иштерине жооп берсин”

208

«Майдан кж» гезити Самсаалы Четинбаевге белгилүү коомдук-саясий ишмер Феликс Кулов мурунку президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө шарт түзүп берели деген демилгеси боюнча кайрылып,  революциялык жол менен тактан түшүрүлгөн Аскар Акаевдин кыргыз жергесине кайтып келүүгө моралдык укугу барбы деген суроо салды.

-Кыргыздын жакшы макалы бар, «эчки тууй албай жатып койго арача түшүптүр»- деген. Феликс Кулов Аскар Акаевге ортомчу түшкөндүн ордуна өзүнүн кылмыш иштерине жооп берсин биринчи?! Акаев мезгилиндеги тик учактарды (вертолётторду) мыйзамсыз сатып салуу боюнча, Бакиев убагында баш-министр (премьер-министр) болуп тургандагы борбор шаарыбыздын так ортосунда жайгашкан Улуттук Гвардиянын жерин жеке колго (үй куруу үчүн) берип салган. Мына ошол кылмыштары үчүн жооп берип, анан сүйлөсүн. Ушул күнгө чейин саясий «торг» менен жанын сактап келатат. Ким бийлике келсе ошонун сөзүн суйлойт. Бакиевдин тушунда Жаныш Бакиевди мактап жүрдү, эми минтип Акаевге ортомчу түшүп баштаптыр. Аксакалдарыбыз минтип калыстыктан тайса, биз кайда барабыз? Качан улут болуп, эл болуп өнүгүү жолуна түшөбүз? Же бир ууч кошоматчы, ууру, коркок эски саясатчыларды ээрчип жүрө беребизби? Мамлекетибиздеги болуп аткан, уланып аткан, терс көрүнүштөрдүн көбүнө ошол Кулов ортомчу болуп, Кыргызстанга алып келгиси келип аткан Акаев «чыйыр» салып кеткен…  “Кумтөрдөн” чыккан алтыныбызды тонотуп атабыз. Ошонун башын баштаган да Акаев эмес беле? 2002-жылкы Аксы окуясында адамдар каза болгон. Келгиси келсе келип, кылмышына жараша жооп берсин, ким кой деп атыптыр. Элинен кечирим сурасын. Орус бийлигинин колтугуна кирип алып Куловго окшогонду ортомчу кылып олтура бербей. Баары мыйзам чегинде болушу керек.