Төлгөсү төп келген айтымчы Света Тойгонбаева келе жаткан шайлоо тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
-15нен кийин эл арасында парламенттик шайлоо боюнча катуу аракеттер башталат. 7 партия ат салышат бирок, 4 партия парламентке келет деген аян көрсөтүп жатат. Чоң тирештер болуп, анын айынан президентке маселе жаралаган жагдайлар жаралып калышы ыктымал. Бул парламентке жаштар көбүрөөк келет деген аян келип жатат. Жаштар, орто жаштагылар жана мурдагы бийликте жүргөндөр да келет. Бир партиядан таптакыр башка чөйрөдөгү адамдар келет деген аян келип жатат. Ошондой эле элди дүрбөтпөй партиялар так иштеши керек деген аян келип жатат. Шек алдырбай эч кимге байкатпай иштейбиз, чебердейбиз деп жатышат. Бул парламентке буюрса, мурункуга салыштырмалуу эл үчүн кызмат кылам деген адамдар көп өтөт деген белги келип жатат. Бул шайлоо бийликтин таасири менен чечилбейт. Эл кимди шайласа, парламентке ошол келет. Президент шайлоого таасир этпейм, эл каалаганын шайласын, мен кийлигишпейм, эл тандасын деп турат. Ошондой эле кадрларды алмаштырам, күчтүү кадрлардан команда түзөм деп турат. Шайлоого аттанып жаткан партиялардын көпчүлүгүнүн капчыгы бөксө болуп турат. Эл чечет, эл шайлайт.
Кыргызстанда кыйынчылыктар болот
Өзгөчө базар, соода тарабындагыларга кыйынчылык жаралат. Адамдар ден-соолугуна карашы керек. Дары эле иче бербей жан дүйнөсүн тазалашы керек, кудай тамактарды өткөрүп, эл да тазаланууга ниетин коюп, жараткандан суранышы керек. Эгер элдин ниети бузула берсе, каатчылык мындан да узарып кетиши ыктымал. Кыргызстанда эки чоң өзгөрүү болот. Бири бийлик тарапта өзгөрүү болот. Экинчиси көп адамдарга кандайдыр бир залака келет, ГЭСтерде суу жок болуп, жаратылыш кырсыктары болот деген аян келип жатат. Ноябрдын 10унан кийин абал бир калыпка түшөт деген да аян келип жатат. Элге бир жактан жеңилдиктер келиши мүмкүн. Шайлоону жакшылап өткөрүп алсак, Кыргызстанга иштейм деген жаштар мамлекетке чоң ийгиликтерди алып келет деген аян түшүп жатат.
Президент бул абалдан чыгабыз деген аракет менен иштеп жатат. Бирок, жанындагылары алсыз болуп, президент күткөндөй иштен жыйынтык чыгара албай жатышат. Президентке эле күч келип жатат. Эл да аракет кылып, оңолууга ниет кылышы керек. Болбосо мамлекетти жалгыз президент оңдой албайт.
Президенттик шайлоого катышам деген дымагы күчтөр азыртан тымызын даярданып жатышат. Бирок, Президент да эки адамга назар салып турат. Мага кийинки президенттик кызматка хандын тукумун улаган, ак сөөк, арты таза, мекенчил, эл үчүн кызмат кылам деген, келечеги кең, узун бойлуу, жаш, сулууча келген адам президент болот деген аян келип жатат.
Бул шайлоодо элдердин ачуусуна тийген иштерди жасабай орган адамдары катуу иштеши керек. Көзөмөлдү катуу кылышы керек.Мыйзамдарды күсүнө киргизиши керек. Ошондо шайлоо тынч өтөт. Антпесе көп добуш алабыз деп 4 партия катуу тирешет. 2-3 партиянын ичинде келишпестик чыгат. Ошон үчүн бирине да тартпай мыйзамдын алкагында гана иштеш керек.
Булак: Майдан.кж