Домой Коом Элге кызмат кылган Дамир Кайырбеков каза болду

Элге кызмат кылган Дамир Кайырбеков каза болду

549

Кыргыздын мекенчил уулдарынын бири Кайырбеков Дамирбек 27-июль күнү оорудан улам 65 жашында каза болду. Ал узак жылдар бою өз элине ак кызмат өтөгөн инсандардын бири эле. Кайырбеков Дамирбек Улуттук университеттин экономикалык факультетин 1975-жылы бүткөн. Эмгек жолун 1976-жылы ЦИНОТУРда инженер болуудан баштаган. 1980-1982-жылдары Кыргыз ССРинин Соода минисрлигинде улук инженер болуп эмгектенген. 1982-1991-жылдары Бишкек шаарындагы Ош базарынынын директору, 1991-1992-жылы Аламүдүн базаранынын директору, 1992-2004- жылдары Орто-Сай базарынын директору, 2004-2010-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 2010-2011-жылдары Бишкек мэриясынын муниципалдык базарлар, унаа токтотуучу жайлар боюнча дирекциянын директору болуп эмгектенген.

Дамир Кайырбековду жакындан билишкен жакшы саналаштары ал кайсы кызматта иштебесин, баардык жерде тартипти орнотуп, өнүгүүгө алып келген, иш билги, адамкерчилиги жогору инсан болгонун буга чейин көп жолу баса белгилеп айтып келишкен. Ал ар кайсы аймактарда, айрыкча өзү туулуп өскөн кичи мекени Жумгалда, Соӊ-Көлдө болуп өткөн ар кандай иш-чараларды, чоӊ мааракелерди өткөрүүгө да ар дайым өз салымын кошуп, демөөрчүлүк кылып турган. Дамир байкенин жаткан жери жайлуу, жаны жанатта болсун! Уулдарына, кызына жана жубайы Зыйнат эжеге тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз!

Булак: Багыт