Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өткөн Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган чогулушта президент Сооронбай Жээнбеков «чек арадагы туруктуулукту сакташ- чектеш мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну тереӊдетүүгө жагымдуу шарт түзөт. Коӊшу мамлекеттер менен болгон чек араны тактоо жана аны юридикалык жактан жол-жоболоштуруу процессин тездетүүгө умтулабыз» дегенди айтты. Албетте, айтылган кепте кемтик жок, бирк, бат-баттан эле бизде чек ара чатагы чыгып турганы жаман. Президент бардык жумуштарын таштап, чек ара маселесине баш-оту менен кирип, күнү-түнү иштеп, анан экинчи чек ара маселеси чыкпагандай кылбайбы да!