Бишкек шаардык автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү бөлүмүнүн башчысы Насирбек Алмамтовду 12,5 жылга эркинен ажыратылган эле. Андан соӊ Алмаматовду 3,5 миллион сом төлөтүп үй камагына чыгарууну шаардык сот кабыл алган. Акчаны аябай көп жеп анан минтип күнөөсү жеӊилдеп жаткан ишке коомчулук нааразы болуп, Жогорку Сот Алмаматовду кайра камоого чечимин чыгарган. Анан аны камайбыз деп сыйпалап таппай калышты.
Мына, биздин соттордун коррупцияланышып калганы ар бир иштен көрүнүп жатат. Алардын айыбы ачылып деле жатат, бирок, соттолгон соттор чанда… Жаӊы кылмыш кодекси ч ыккандан бери кылмышкерлердин баары бошонуп жатат, күнөөлөрү жеӊилдеп жатат. Бул кодексти коррупционерлер чыгарган жок беле?! Миллиондорду жеп алып «үй камагы» дегенгше чыгып жыргаган кылмышкерлер батпай да кетти. Президент баш болгон мамлекет жетекчилдери азыркы болуп жаткан соттогу «былык» иштерди ойлошпойбу эмне?!