Домой Саясат Шыкмаматов: Парламенттик шайлоого «Бир бол» партиясы менен барам

Шыкмаматов: Парламенттик шайлоого «Бир бол» партиясы менен барам

91

Партия лидери, Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов менен байланышуу мүмкүн боло элек. Депутат партиянын курамы жаңыланаарын, ага азыркы фракциядагы депутаттар кирбей турганын «Азаттыктын» 2х1 форматындагы январь айында уюштурулган видеомаегинде билдирген.

«Бир бол» фракциясындагы 12 депутаттын дээрлик басымдуусуна карата ар кандай кинелер коюлуп, териштирүүлөр токтобой келатат. Бул фракция — Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктө.

«Бир болдун» тизмесине кирип жатканын жарыялаган Алмамбет Шыкмаматов былтыр декабрь айында коалициялык азчылыктагы «Ата-Мекен» фракциясын жетектөөдөн күтүүсүз баш тартып, депутаттык мандатын тапшырган жана «Ата-Мекен» саясий партиясынын катарынан чыгаарын жарыялаган. Муну саясатчы партия лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганына байланыштырган. Текебаев февраль айында «Азаттыкка» берген интервьюсунда Шыкмаматов эмнеге мындай чечим кабыл алганын билбестигин, кеткенден кийин байланыша электигин билдирген.

Булак: Азаттык