Домой Коом Сабира апа: Өмүрүмдүн 50 жылын кордукта өткөрүпмүн

Сабира апа: Өмүрүмдүн 50 жылын кордукта өткөрүпмүн

4121

Атым Сабира. Жашым 55де. 5 жашымда эле ата-энемден айрылып жетим өстүм. Жетимчиликтин азабын тарттым, жашоодон үмүт үзгөн күндөрүм көп болду. Ар кимдин үйүнө түрткүнчүк болуп, ыйлап- сыктап орто мектепти бүтүп алдым.

Менин балалык күндөрүмдө коштолгон азап ушул күнгө чейин уланып келет. Эл катары орто мектепти аяктап ЖОЖдордун бирине тапшырып ак халатчан, ак көңүл дарыгер болсом деген кыялымды ит каап, тааныбаган кошуна айылдагы жигит ала качып кетти.

-Олтурбайм!- деп ыйлаганымды эч ким укпай, баласын мактап, мени болсо алдап “ушул чоң үйгө сиңип, орун-очок алып ал”-деп ар тараптан жулмалаган апалар олтургузуп коюшту. Айла жок тагдырга баш ийип, тааныбаган адам менен бир жаздыкка баш жаздап, бир төшөктөн ойгонуп жашап калдым.

Балалык кездеги азабым бүтпөптүр жолдошум аракеч болуп чыкты. Ар кимдин колунда чоңоюп, кордукка көнгөн жаным, такыр эле басмырланып, тебелендиде калдым. Күндүзү кайненем чачымдан жулуп, концерт койгону аз келгенсип, түндөсү күйөөм баштайт “ар кимдин колунда жүрүп жетилген жетим! Сенден кайсыл кыйраган бала төрөлмөк эле!” же болбосо өзү күндүзү кечке уктап алып, түнкүсүн уйку бербейт мени жабыштырбаган кошуна аттуу калбайт! Бараар жерим жок,издеп келээр адамым жок айласыздан ушул үйдө үн чыгарбай жашай бердим.

Жолдошум экөөбүз 3 уул, 2 кыздуу болдук. Балалуу болгон соң жан дүйнөмдө тынчтык орноп, энелик сезимдерим ойгонуп, менин жанымды жеген жалгыздыктан арылып, балдарымдын келечеги үчүн жанымды карч уруп, тиштенип, жалданма жумуштарда иштеп жүрүп балдарымды багып чоңойттум. Күйөөм мага кол кабыш кылып койгондун ордуна, төрүмдө жатып алып жанымды кашайткан сөздөрдү сүйлөп жүрөгүмдү ооруткан адатты такыр калбады.

Багыма балдарым эстүү чыгып учурда мени кубандырып кол кабыш кылганга жарап калды. Бири Түркияда, бири Японияда, бири Москвада иштеп тапкан ташыгандарын бир тыйынын коротпой мага жиберишет. Мен болсо айылда, бири студент, бири окуучу эки уулум менен биргеликте мал алып, там-ташты тирилигибизди эл катары оңдоп алдык. Эл катары жашоого жеткенине да ыраазы болбогон жолдошум балдарыма катуу тийчү болду “Элдин балдары көп акча таап, атасына машина мингизип жатат. Силер болсо апаңарды тарткан шалсыңар! Мени сыйлабайсыңар! Апаңар адам эмес!”-деп аракка тоюп алып алыста жүргөн балдарымдын тынчын алат. Атасынын бул көнүмүш адатынан жадаган балдарым “ушул күнгө чейин жетим кылбайм силерди деп жүрүп, жалаң гана кордук көрүп күнүңүз өтүп жатат апа. Атамды таштап салып өзүбүзчө жашайлычы. Атама тапкандарыбыздын баарын таштап чыгалы, сиздин эле ушул наадан атамдан аман-эсен алып чыгып кетеличи!”-деп ыйлап суранышууда.

Чындыгында ойлосом кудай тарабынан берилген өмүрүм жалаң гана кордук менен өтүптүр. Жашоомдо дегеле ырыстуу күн көрбөй өстүм. Балким балдарымдын сунушу туурадыр. Менин дагы адамча жашаганга укугум бардыр жаратканым. Жөнөкөй эле мисал, жолдошум мага тамак бербей жаш баладай колго чаап турган күндөрдү баштан өткөрдүм. Ооруп калсам башыма келип түкүрүп-какырып кеткен күндөрү болду. Жашоомду артка түрдүрүп бир кылчайсам мени бул үйдө кармап калаар эч бир жылуулук сезим жок экен…

Намыс деп жүрүп аялдар оорукчан болуп бүтөт экенбиз да. Акыры бүтпөгөн ойду жыйыштырып, эки балам менен баарын таштап алыскы Москвадагы уулума жөнөдүк.

Мен кудай берген 55 жаштын 50 жылын кордукта өткөрүпмүн. Ушунча жылдык өмүрүм боштук, мерездик, муздактыкта өткөнүн ойлоп жан-дүйнөм жанчылат.

Бирок жазмышымдын ушунусуна да шүгүр келтирем. Себеби Аллах тарабынан берилген ырыскым балдарым деп билем.

Булак: Багыт