Домой Эне тил Шайлообек Дүйшеев: «элик» эмес, «элүү», «тау» эмес, «тоо»

Шайлообек Дүйшеев: «элик» эмес, «элүү», «тау» эмес, «тоо»

1251

Чал небереси менен

Кийинки кездери журналисттер, анын ичинен мен сүйлөп келаткан “Азаттык” радиосунун айрым журналисттери туура эмес айтып аткандыгына карабастан “мерчемделди” деген сөздү пайдаланмайды “өнөр” кылып алышты.

“Мерчем, мерчемдүү” деген–керектүү, ыңгайлуу, күн мурунтан болжолдоп коюлган жер деген өңдүү маанини берет экен. Мисалы, “Мерчемдүү жердин баарына дүкөндөр курулду” дейт. “Ал мерчемдеп жүргөн жерин менчиктештирип алды” дейт. “Мерчемдүү жерге жакындап калдык” дейт. “Мерчемин келтирип туруп жайлагыла” дейт. Кыргыз баласы “мерчем, мерчемдүү” деп гана сүйлөгөн, бирок “мерчемделди” деп эч качан сүйлөгөн эмес. Бул айтканымды Юдахиндин атактуу сөздүгү да бекемдейт.

Андыктан кайсы бир сөздү айтардан мурда ал “туурабы?” же “жокпу?” деп ойлонбой туруп эле пайдалана берген журналисттерден “энебизди жамандыктан сактагандай эле, эне тилибизди да тантык сөздөрдөн сактайлычы?” деп сурангым келет.

Мисалы журналист; “Россия Түркияга жаңы санкцияларды киргизүүнү мерчемдеп жатат” дейт. Же “Кытай келерки жылга карата бир катар ири долбоорлорду мерчемдеди” дейт. Мына ушулардын баары тантык сөз. Кыргыз баласы ушул кылымга чейин жашап келатып минтип тантыган эмес. Минтип сөз менен ыгы жок ойной бербей, “Россия Түркияга санкциялардын жаңы түрүн салмай болду, же киргизмей болду” десе, же “Кытай келерки жылга карата бир катар ири долбоорлорду ишке ашырмай болду” деп жазса, сүйлөсө сөздүн мааниси бузулбайт эле да. Ушинтип эле жазып, сүйлөп келбедик беле?

Дагы бир көңүл ооруй турган жагдай. Базарда соода кылып жүрүп “элүү сом” дегендин ордуна “элик сом” дегенди көп угасың. Биз билгенден жакын коңшуларыбыз өзбектер менен казактарда үндүү тамгалар жок. Ошондуктан өзбектер менен казактар эки үндүү катар келген кыргыз сөздөрүнө тилдери келбейт. Кыргыз тилинде айталышпайт, көнгөн эмес. Маселен өзбектер “элүү сом” дегенди “элик сом” деп айтат. Казактар “тоо” дегенди “”тау” деп айтат. Ал эми өзүбүздүн карачечекей кыргыздар базарда олтуруп алып кыргызча “элүү” деген сөзүбүз турса, тили келбейби, же айткысы келбейби, “элик” сом” деп өзбекче сүйлөп жатканын билишээр бекен? Бул деген өз элин сыйлабагандык, маданиятсыздык, тилге кылган кыянаттык болот.

Өткөндө массалык маалымат каражаттары өгөй атасы зордуктап койгон кыз тууралуу: “Жаш кыз өгөй атасы тарабынан зордукталды” деп айтып, жазып чыгышты. Туурасы “Жаш кызды өгөй атасы зордуктап салды” деп эле айтылып, жазылыш керек эле го. “Кылмышкер милийса тарабынан кармалды”, “мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды” деп туура эмес айтып-жазып жүрүп ушундайларга жол берген өзүбүз болдук.

Радио, теленин алып баруучулары “жүз берди”, “жүз берилди” деген тантык сөз айкалышын тынбай таратып келатышат. Мисалы, “Шаарыбызда ушундай көрүнүштөр жүз берди” дейт. “Ушундай фактылар орун алды” дейт. “Президент Ош шааарына бара турганын жашырган жок” дейт. “Жүз бергени” эмнеси? “Жүзүн кимге берди?” Жүзүн, же бетин да бирөөгө берчү беле? Бетин берип кайра ала тургандай ал акча же буюм беле?”, “Фактылар барып “орун алып” олтуруп алгыдай киши беле?”, “Президент Ош шаарына бара турганын эмнеге жашырмак эле?”. Балким муну айтып аткан журналист ичинде “өтө маданияттуу, өтө билимдүү сүйлөп атам” деп ойлосо аябай жаңылышат, айланайын, тескерисинче аябай билимсиз, аябай тантык сүйлөп атасың.

Эгер айткандарыма макул болгуң келбесе, мындай мисал келтирейин. Туулуп-өскөн айылыңа, ата-энеңе барып:
-Ата, мал корооңузду көрүп чыктым, эмне үчүн ушундай көрүнүштөргө жүз бергенсиз?-деп кайрылып көрчү?
-Ата, апам боорсок жасаарын жашырган жок,-деп жайдаңдап сүйлөп көрчү?
-Апа, уйларыңыздын орун алган жери жакшы болбой калыптыр,-деп көрчү?

Ата-энең сени карап туруп, “кайран балам, журналист болом деп шаарга кетти эле, таза айнып калган турбайбы, эми, такыр келесоо болуп калалегинде молдого окутуп алалы” деп ошол замат бүлүк түшөрүн ойлойсуңарбы?

Кыргыз тилин бузбай, таза сакташ керек десе эле баарын кыргызчалатып сүйлөө керек деп түшүнбөш керек. Тилди мажбурлап байытпайт. Эл деген өзүнүн санын төрөп көбөйтө албаган сыяктуу эле, тил да өз казанында кайнай берип байыбайт. Тил деген өз алдынча агып жаткан чоң дайра.

Шайлообек Дүйшеев, “Азаттык”