Кытай мамлекетинин жетекчилиги бир топ жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан коррупцияга каршы саясат акыркы убакта бүт дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп турган чагы. Ушул жылдын башында Кытай мамлекетинин төрагасы Си Цзиньпин коррупцияга каршы улуттук кампания жаңы деңгээлге чыкканын жар салган. Кыргызстан бүгүнкү күндө туш болгон коррупциялык көйгөйлөр кытайлыктардын бул тажрыйбасын олуттуу изилдөөгө алууну талап кылат. Балким, биздин аткаминерлерге сабак болоор.
Кытайда 2000-жылдан бери коррупцияга аралашканы үчүн 10 миңге жакын аткаминер, андан башка да 120 миң адам 10-20 жылга чейин жаза мөөнөтүн алышкан.
Учурда дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде Пекиндин вице-мэри Лю Чжихуанын атууга кеткени тууралуу көп айтылып жатат. Ал кытайлык “Силикон өрөөнүн” – Пекиндин түндүк-батыш университеттик илим шаарын жети жыл башкарып турган. Ошол жети жыл ичинде ал Кытай жетекчилигинин инновациялык экономика түзүүгө болгон аракетинен өзү үчүн оңбогондой пайда табууга үлгүргөн. Негизи Кытайда 30 жылга созулган реформалар жылында пара алгандыгы үчүн партиялык-мамлекеттик аппараттын миллионго жакын кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан. Бирок, эл көзүнчө жазага тартууларга карабай, ишкерлер менен аткаминерлердин “сенин бийлигиң – менин акчам” принциби менен келишип алгандарынын тамырын толугу менен кыркууга мүмкүн болбой келет. Акыркы он жыл ичинде Кытай дүйнөдө коррупционерлерди ашкерелөө жана сотко өткөрүү боюнча эң алдыңкы орундардын бирин ээлеп келет. Маселен, Кытайда жыл сайын бул өлкөдө 40 миңге жакын коррупционерге иш козголот. Алардын ичинен өздүк деңгээлдеги 2 миңден ашуун, ведомстволук кадрлардан 200дөн ашуун жана аймактык жана борбордук деңгээлдеги жетекчилерден 5-6 адам коррупцияга шектелет. 2014-жылы Кытайдагы “жолборсторго урулган сокку” (бир жыл ичинде коррупцияга айыпталып 71 миңден ашык адам камалган) көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Аймактык жана андан жогорку даражасы бар 33 аткаминерге, анын ичинде Элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орунбасары Су Жун, КНРдин Борбордук аскер кеңешинин төрагасынын орунбасары Сюй Цайхоуларга кылмыш иши козголгон.
Бизде да ушинтип акка моюн сунчулар арбын…
Жакында эле пара алгандыгы үчүн Шэньчжен шаарынын калаа башчысы камакка алынды. Аны алдыда өлүм жазасы күтүп турат. Кытай телевидениесинен мезгил-мезгили менен аткаминерлерди эл алдында жазалоо көрсөтүлүп келет. Мыйзам боюнча миллион доллардан ашык акча берүү же уурдоо үчүн өлүм жазасына тартылат.
Кытайдын вице-мэри Лю Чжихуа жети жыл бою казынага суук колун салып турган. Реформанын алгачкы жылдарында эле БК КПКнын Саясий бюросунун мүчөлүгүнөн чыгарылган жана иши сотко өткөрүлгөн, “кытайлык Гришин” атка конгон – Пекин шаардык комитетинин биринчи катчысы Чэнь Ситунду Кытайдын келечектеги жолбашчысы деп даңкташчу. Бирок, ал да жеп-ичкичтиги үчүн 16 жылга түрмөгө кесилген. Коррупционерлерди учурда шаар башчыларынын, губернаторлордун жана алардын орун басарларынын ичинен гана табышкан жери жок. Ири суммадагы каражатты мойсогону үчүн элдик өкүлдөрдүн Бүткүл кытайлык Туруктуу комитетинин төрагасы Чэн Кэцзе да жазага тартылган. Мурунку вице-спикер Гуанси провинциясынын губернатору болгон. Ал ишкерлерге мыйзамсыз кызмат көрсөтүп, мунусу үчүн алардан 4,5 млн. доллар пара алган. Чэндин айыбын ашкерелөө Гуанси провинциясындагы толгон коррупциялык иштердин бети ачылышына алып келген. 500 миң долларды кымырган Гуйян провинциясынын мэри, 48 жаштагы Ли Чэнлун атууга өкүм кылынган.
Партия менен мамлекетти шанхайлык Цзян Цзэминь башкарып турганда Пекинде анын көптөгөн жердештери пайда болду. Мурунку жолбашчынын жакын адамы, Шанхай шаардык комитетинин биринчи катчысы Чэнь Ляньюй да кызматтан алынды. Себеби, ал Шанхай шаарынын пенсиялык фондунан 400 млн. долларды сол чөнтөгүнө солоп койгон. КНРдин коомдук коопсуздугу боюнча министрдин орунбасары, генерал Ли Цзичжоу 3 млрд. доллардык автомашиналарды жана нефть азыктарын тоногон кылмыштуу топтун катышуучусу катары айыбы ачылган. Бул иштин фигуранттары катары Сямынь шаарынын полиция жана бажы кызматынын 200 аткаминери камалган.
Кытайда 30 жылга созулган реформа жылдарында пара алгандыгы үчүн партиялык-мамлекеттин аппараттын миллионго жакын кызматкерлери кылмыш жообуна тартылышкан. Бирок, эл алдындагы жазалоолорго карабай, коррупцияны толук ооздуктоого мүмкүн болбой келет. Ал эми биздин мамлекетте Кытайдагыдай өлүм жазасы ишке кирсе, анда элге эчен акыл үйрөтүп жүрүшкөн азыркы жана мурунку бир топ: айыл өкмөттөр, акимдер, губернаторлор, министрлер, депутаттар, өкмөт башчылар, президенттер өлүм жазасына тартылышмак да, ошону менен өлкөбүз, элибиз өх деп оор үшкүрүп алып, жети баштуу желмогуздардан кутулганына сүйүнүп, абдан жеңилдеп калышмак. Өлкөбүз да өнүгүү жолуна түшөт эле. Жараткан бизге ошондой күндү берер бекен?!
Назгүл Осмонова