Домой Аналитика Чыныгы баатырлар кайда?

Чыныгы баатырлар кайда?

21556

«Баатыр» деген сөздү укканда биз эч нерседен коркпогон, жылаңач төшүн жалаңдаган кылычка, тарсылдаган окко тоскон, деле жаналгыч келатса да алдынан чыккан жүрөгүндө жалы бар… адамдарды элестетебиз. Баатыр дегениң элин, жерин коргоп өлүмдү тике качырат, баатыр деген эл-жеринен жанын аябайт!

Тургунбай Сыдыков

Уккан жомокторубуздагы баатырлар анан да Манас баш болгон Чубак, Сыргак, Алманбет, дагы Эр Төштүк, Курманбек, Эр Табылды… Тайлак, Ормон, Балбай   сыяктуулар эске келет. Андан бери жүрүп олтуруп реалдуу турмуштагы Чолпонбай менен Дүйшөнкулду эстейбиз… Мына ушулар накта баатырлар. Булар менен катар «Эмгектин баатырлары» да бар Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Корчубек Акназаров, Таштанбек Акматов сыяктуу.

Совет доорунда эрдиктин баатыры жана эмгектин баатыры кылып экиге бөлүп келген. Анан эле эркин мамлекетпиз дегенден баштап баатырлар экиге бөлүнбөй эле бир кетти.

Үйдөгү жылуу жерде олтуруп алып чыгармачылык менен иштегендер деле, кой кайтарганы деле, эл дарылаганы деле «баатыр» болуп турганы. Мына ошолорду «Эмгектин баатыры» деп бөлүш керек. Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов, Бексултан Жакиев, Таштанбек Акматов, маркум болуп кеткендерден Исхак Разаков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев, Чыңгыз Айтматов, Дооронбек Садырбаев, Тургунбай Сыдыков сыяктуулар эмгектин баатыры. Алар талыкпаган эмгеги менен, кайталангыс таланты менен «баатыр» деген наамга татышкан. Бирок, эрдиктин эмес, эмгектин баатырлары…

Мындан эки-үч жыл мурун Шайлообек Дүйшеев экөөбүз маек куруп, «деги ушул «баатыр» деген наамды алып салса сонун болот эле» деген ойду айтканбыз. Бөтөнчө акын-жазуучуларга, маданият кызматкерлерине «баатырдык» наамды бербей эле койсо дегенбиз. Эки күн мурун Шакеме чалып: «Ошол ойдон кайта элексиңби?» деп сурасам:  «Кайтмак турсун, ого бетер ошону туура көрүп жатам» дейт. Айта кетейин, биртоптору Шакемди да баатырдыкка көрсөтөбүз дегенде так секире токтоткону бар.

Азыр биртоп адамдар «мага баатыр деген наамды качан берет» деп күтүп, бийликке аябай таарынып жүрөт. Аны менен бирге көзү өткөн кээ бир кызматкерлердин бала-чакасы, жакындары ошол маркумга баатыр наамын бериш керек деп талап кылып жатканы…

Бу «баатырдык» наамы социализмдин идеясынын туундусу. Ошол социализм идеясы миллиондогон  адамдардын дилинен кайткыс орун алып, анын ишине чексиз берилип турган учурда «баатырдык» наамдын аткара турган кызматы бар эле. Эми ал ураалаган кез кетти. Демек, «жасалма баатырдыктын» деле кереги жок болуп калды. Мурун социалисттик мамлекеттер болуп саналган Польша, Чехия менен Словакия, Болгария, Венгрия ж.б. жана СССР курманда 15 бир тууган болуп жүргөн респуликалардын көбүндө «баатырдык» наам жок. Азыр Орто Азия жана Казакстанда гана калса керек, аталган наам…

Эске сала кетели: «Советтер Союзунун Баатыры»деген наам мамлекет тарабынан 1934-жылы 16-апрелде кабыл алынган. Бул наам «мамлекет алдындагы эрдиги үчүн» берилмек. Анын алгачкы кавалерлери «Челюскин» кемесинин экипажын куткарган учкучтар М.В.Водопьянов, И.В.Доронин, Н.П.Каманин, С.А.Леваневский, А.В.Ляпидевский, В.С.Молоков жана М.Т.Слепнов болгон. 1971-жылга карата СССРде 12 447 адам «Советтер Союзунун Баатыры» наамын алган. Кыргызстанда 70 адам ошол наамга ээ болгон ( КСЭ, 344-бет).

Ал эми «Социалисттик Эмгектин Баатыры» наамы 1938-жылы 27-декабрда кабыл алынган. «СССРде чарбалык жана маданий иштердеги өзгөчө эмгеги үчүн»  берилген. Кыргызстанда 1979-жылга чейин 260 эмгек баатыры болгон экен (КСЭ, 401-бет).

Ооба, баатырдык наамды алып салбагандан кийин, аны сөзсүз түрдө экиге бөлүш керек. Үйүндё китеп жазып жаткан «баатырдын» короосуна кайсы бир ууру-кески секирип тъшсё, анан тиги «баатыр» наамы бар неме кемпиринин дамбалына кире качса, абийири калбайт го!

Баратбай Аракеев