Изилдөөгө катышкандардын 51% Чыңгыз Айтматовду белгилешкен. Дээрлик баары «Кайсыл чыгармасын окугансыз?» деген суроого «Саманчынын жолу» повестин аташкан.
Сурамжылоого үн кошкондордун 5% Төлөгөн Касымбековду, 4% Алыкул Осмоновду, 3% Мукай Элебаевди, Аалы Токомбаевди, Касым Тыныстановду, 2% Касымалы Баялиновдун атын айтышкан.
Респонденттердин 2% азыркы замандын акын-жазуучу, ойчулдарынан Шайлообек Дүйшеевди, 4% Нуржигит Кадырбековду аташкан.
Сурамжылоо көрсөткөндөй, аял акын-жазуучулар окурмандар арасында популярдуу эмес. Алардын аты-жөнүн респонденттер аташкан эмес.
«Өнүгүү китептери» коомдук фонду жүргүзгөн онлайн сурамжылоонун жыйынтыгы 16-октябрда Бишкекте адабияттын бүгүнкү абалын талдаган жыйында жарыяланды.
azattyk.kg