Кереги жок! Албайм! Албайм! Мен деген жетим эмесмин! Менин энем бар!-деп, өз үнүмө өзүм буулугуп, ызама батпай , китеп баштыгымды да албастан класстан атып чыктым. Үйгө кантип жеткенимди билбейм. Эч кимге көрүнбөй, эч кимге угузбай, көмкөрөмдөн жатып алып, буркурап ыйладым. Ошол убакта мектепти, класс жетекчимди, деректир агайды экинчи көрөйүн деген көзүм жок эле. Бардык балдардын көз алдында бүт айылга айыбымды ачып салгансып, өзүмдү дүйнөдөгү эң эле таалайсыз, бактысыз сезип, белгисиз бир жактарга, эч ким билбеген жактарга, эч ким “жетим” дебеген жактарга кетким келди. Менин бул абалымды ошол учурда бир да тирүү жан түшүндүрүп бере алмак эмес” (“Агындылар” 45-46-беттер). Караңыздарчы, бала Шайлообек кардына эмес, кадырына ыйлап жатпайбы. Ичинен биринчи болууну дайыма эңсеп, шпион кармап, жакында классташ кыздардын, балдардын алдында “баатыр болчу” баланын жан дүйнөсүн, кыялдуу көкүрөк-көөдөнүн “багары жок байкуш” деген мамиле менен, бечара “тоголок жетим” деген сөз менен көпчүлүктүн көзүнчө тебелеп-тепсеп, ойронун чыгарып ташташпадыбы. Болгондо да педагогдор. Ушул мугалимдер, директор катары, класс жетекчи катары, педагог катары өспүрүм Шайлообектин жанагыдай индивидуалдуу өзгөчөлүгүн убагында байкап-багып, түшүнүшсө эмне. Гуманитардык акцияны кылдат ыкма менен жүргүзүшсө кана. Бир шаардык мектептин окуучулары өздөрүнүн математика мугалими А.В.Венсан жөнүндө минтип эскеришиптир: «Александр Владимирович энебизден кийинки эле экинчи кишибиз. Эмне кылыш керек экенибизди өзүбүздөн да жакшы билип турат го, чиркин!» Шайлообекке А.В.Венсандай класс жетекчи туш келсе эмне.
Жүрөгүн жаралап, көңүлүнө өчпөс так калтырган Шайлообектин бул балалык “тарыхынан” кандай сабак алсак болот? Биз, тоолуктар педагогубуз болобу же башкабыз болобу, ата-эне болобу, дегеле ар кимибиз балдарыбыздын, окуучуларыбыздын ар биринин мүнөзүн, башкалардан айырмачылыгын, өзүнчөлүгүн, жекелигин көрөгөч маамыттай көрүп турган психологиялык маданиятка жетишсекчи. Кичинекей адамдын назик жан дүйнөсүн, кайталангыс жаратылышын, “үлпүлдөгөн” ички МЕНин көңүл чордонунда кармабаган тоңдугубузду жеңсекчи. Ар бир чүрпөнүн ичтеги кайгы-муңун, ой-тилегин, тереңге буккан сырларын жер тыңшаар маамыттай туюп турган кылдаттыкка үйрөнсөкчү да, өзүбүздү “кулунчактын” ордуна коё билүү, айлана-тегерекке баланын көзү менен карай билүү, балалыктын аёолуу дүйнөсүн коргой билүү жагынан алдыга озгон аяр этикага эгедер болсокчу. Мисалдан көрдүк го. Кийим-кечеден, буюм-теримден, алтын-күмүштөн мурда да, баланын ич жагын түшүнүү жөнүндө үңүлүп ойлонуу номур биринчи маселе турбайбы. Ушундай болгондо, муундарыбызды тарбиялоо жагында ишибиз тездик менен илгерилейт беле.
Бүгүнкү күндөгү балдардын кээде акыркы жаман кадамга-суицидге барып жатыш себептеринин бир учугу, балким өспүрүмдүн жүрөгүн жаралап, жалгызсыраткан, жабыркаткан, анын дүйнөсүн астын-үстүн кылган биздин “орозкулчулугубузда” (“Ак кеме” фильми) жатпасын?
Мына ошентип, “Агындылар” бир жагынан өзүнүн терең педагогикалык подтексттери жана логикасы менен да нускалуу жана күчтүү дегибиз келет.
9.П.Я. Чаадаев жана Ш.Дүйшеев
Социалисттик реализм эстетикасынын турмушту “революциялык өнүгүүдө” көрсөтүү, советтик тирликтин “типтүү жактарын, алгалоочу тенденцияларын» ачуу, алды жактан “кеңири горизонтторду”, “социалисттик чындыктын перспективасын” көрө билүү жөнүндөгү идеологиялык талаптарына баладай ишенип, чын ыкласынан берилип, көнүп калгандыктанбы, кыргыз адабиятында көптөгөн калемгерлер өз айылын, туулган аймагын, районун сүрөттөгөндө көп учурда анын бери жактагы жалтыраган фасадын, “параддык” жагын, көрсөткүчтөрүн поэтизациялаганга (“Алтын өрөөн”, “Гүлдөгөн өрөөн”, “Өзгөргөн өрөөн” ж.б.), көбүртүп-жабыртып көкөлөткөнгө ык алып келишти. Мындай көнүмүш адабиятыбызда турмушту көп учурда боёп, жылмалап көрсөтүүгө (лакировкага) алып келгендиги белгилүү. Мына ушундай “коммунисттик, оптимисттик көз караштын” инерциясы бүгүн да биздин адабий менталитетте астыртан сезилип турат. Кыйлалаган көркөм жана публицистикалык чыгармалардан, эссеистикадан айылдын өйдө-ылдый татаал, карама-каршылыктуу реалисттик картинасын эмес, адат катары туулган аймакка ода айткан экзальтацияны көбүрөөк учуратабыз. Патриотизм деген нерсе, жалаң эле кичи мекениңди мактоодобу, даңктоодобу, романтизациялоодобу? Ушул жерден XIX кылымдагы орустун атактуу уулдарынын бири Петр Яковлевич Чаадаевдин айткан төмөнкүдөй бир сөзү эске түшөт: “Мен өз мекенимди көздү жуумп алып, эрдимди бекем кымтып, колумду куушуруп сүйгөнгө көнгөн эмесмин. Мен минтип түшүнөм: Адам өз Ата-Журтуна аны ийне-жибине чейин жакшы билип, апачык көрүп турса гана пайдалуу боло алат. Сокур сүйүүнүн мезгили бүттү деп ойлойм. Эми биз өз мекенибизге акыйкат, чындык менен гана жөлөк-таяк боло алабыз”.
Кандай терең айтылган ой. П.Я.Чаадаевдин бул сөзү чыныгы мекенчил гражданин-атуулдун сөзү.Чаадаевдин курч айтылган бу философиясы, керек болсо Кыргызстандын бүгүнкү көркөм сөзүнүн жаңы эстетикасынын негизинде жатууга татыктуу ой дегим бар. “Агындыларды” окуган адам, анын авторунун тутунган сүрөткерлик принциби дал ушул П.Я.Чаадаевдин позициясына өңдөш экенин байкабай койбойт. Анан калса, Ш.Дүйшеев окурмандар үчүн берген маегинде мына моминтип бизге сырын ачып отурбайбы. Окуйлу: “Өзүңдүн чыныгы кебете-кешпириңди жаап-жашырып, каратып туруп калп сүйлөп, жаркылдап туруп жалган сүйлөп, акылы анчалардын алдында акылдуу көрүнгөн адамдын жасаганы да, жазганы да калп, жалган, жасалма болот. Жазып аткан нерсеме жанымды салып иштейин, “жаны” жок кылып албайын деп, мен Кудайды карап туруп жаздым. Кудайды карап жазганда калп айталбай калат экенсиң. Орустар “душа” деп коюшат го, мен ошо “душамды” дуулдатып, жанымды жагып олтуруп жаздым” (“Де-Факто”, 25.04.2014). Ш.Дүйшеев “Агындыларын” ушинтип жазыптыр. Демек, жазуучу Ш.Дүйшеевдин жазайын деп үстөлгө отурганда сыйынганы, туу кылып тутунганы-чындык. Автор жасалма, “жаны жок” чыгарманы эмес, тирүү, “жаны бар” чыгарманы жаратууну көздөптүр. Ал эми “тирүү” чыгарманын согуп турган жүрөгү, каны-жаны кудайдын көз алдындагы чындык, акыйкат гана боло алмак. Демек, Шайлообек жогоруда П.Я.Чаадаев айткандай, кичи мекенинин алдында көздөрүн жумуп алып, колун куушуруп туруп, көңүлдү магдыраткан таттуу сөздөрдү чубуртуп айтуу менен эмес, өзүнүн Ат-Башысына “чындыктын чечекейин жара сайган” ачык-айкын атуулдук сөзү аркылуу көбүрөөк керек болорун жана көбүрөөк кызмат кыларын, окурмандарды көбүрөөк ынандыраарын терең туюнган.
Натыйжада, “Агындылардан” буга чейин “коммунисттик көз айнек” менен шөкөттөлө жүргөндөй, тууган жердин баягыдай идеологиялашкан кебете-кешпирин эмес, кооздолуп “саймаланган” фасадын эмес, “карааныңдан кагылайын Ат-Башым!” деген сыяктуу карандай эмоцияны, демейки тираданы эмес, бир боор аймактын ары ич жагынан аңтарылып сүрөттөлгөн, чыркыраган чындыкка негизделген, кандайдыр бир нормативге салынбаган, альтернативалуу дейбизби, вариативдик дейбизби, бейнесине күбө болобуз. Биерде боёлгон Ат-Башы жок. Көз алдыбызда ары жактагы “иче-кардынан” бери көрүнгөн, өзүнүн тарыхый-социалдык тагдырына жана элеттик стихиясына ылайык жашап, чалкып жаткан кадимки натуралдуу Ат-Башы турат. Мына ушинтип, турмуш чындыгы принцибин (принцип жизненной правды) тутунуп жазылган “Агындылардан” биз ажайып жер — Ат-Башыдагы элдик турмуштун бийигин да, жапысын да, тереңин да, тайызын да, кайгысын да, кубанычын да, комедиясын да, трагедиясын да, (маселен, үч кыздын өз бир боор атасы Сейитбекти өлтүрүшү-92-бет) сулуулугун да, улуулугун да, (Канымгүл Эне менен Касым жезденин моралы) жаманын да, жаркынын да көрүп отурабыз.
Дагы айталы, “Агындылардан” биз Ат-Башынын карама-каршылыктуу, чааралакей картинасын көрдүк. Караңызчы, жарыктык Ат-Башынын “дене-бою” ушунчалык узун деңиз, те байыркы дүйнөдөн тарта бүгүнкү күнгө чейин созулуп жатат (ырас эле, элибиздин те тетиги илгерки көчмөн коомдон кечээ эле чыгып келгенин эстеп коёлучу). “Агындылардагы” Кошойдун жеринин менталитетинин бир учу байыркы уруулук архаикада-коло доорунда жатат (айылдын көчөлөрүнүн уруулук принцип боюнча жайгашканы). Дагы бир учу орто кылымдарда жүрөт (бул жерде 50-60-жылдарда илгерки магия, дүйнөнү пантеисттик, мифологиялык кабылдоо кадимкидей тирүү).Кыскасы, Ат-башылык адамдардын психологиясынан, аң-сезиминен, нраваларынан, социалдык мүнөзүнөн ар түрдүү тарыхый доорлордун издерин көрөбүз. Ат-Башыга XX кылымдын цивилизациясы да өзүнүн “мөөрүн” ташка тамга баскандай кылып баскан. Бул советтик маданий-агартуунун көчмөндөрдү көкөлөткөн жакшылыктары да, чарбалык тирлик кылуунун жаңыча модели да (Керим акенин агороту -99-бет), цивилизациянын таасиринин терс натыйжалары да (Арак кыяматы: чабан Орозобайдын Ак-Сайга көчүшү. Жөн жаткан көчөнүн жанын койбой атын татырактатып, иттерди ызы-чуу түшүрүп, билегиндеги камчысы жерге сүйрөлүп, атынын бирде быягына, бирде тыягына ооп, унаасынын үстүнөн мына-мына үзүлүп түшчүдөй болуп жүрөктү шуулдаткан мас Талиптин дайымкы көнүмүш жоругу.-103-бет), тоталитардык, административдик-буйрукчул системанын темир таманынын түшүргөн тамгалары да (Тентигендин тагдыры, Ат-Башынын оозуна аскердик тосмонун коюлушу, элдин укугу менен эркинин тебелениши, тоталитардык райкомдун режими жинди кылган Айша сулуу), көчмөн турмуш образынын көнүмүштөрү да, а түгүл айылдардагы дудук-жиндилерден өйдө, жылкы менен кошо короодо жашаган эшектер да, кыскасы, бир сөз менен айтканда, туулган жердин жамандыгы жана жакшылыгы, триумфу (Кыргызстандын чемпиону-Кенже Эсенбаева) жана трагедиясы (атасын бычактап өлтүргөн уул) да, койчу, бардыгы байкаган адамга баканга тизилип илингендей болуп дапдаана көрүнүп турат. “Агындылар” Ш.Дүйшеевдин тууган жерге болгон сүйүүсүнөн жаралган. “Ак мөңгүлүү тоолору көзгө “жарк” дей түшкөн Ат-Башым, ошондо бүткөн боюм коргошундай көлкүлдөп, көкүрөгүмө батпай толуп ташып чыккан сагынычым” деп агынан жарылып турган Ш.Дүйшеевдей көкүрөгүнө мелт-калт сүйүү толгон мекенчил инсан гана учкан уясына карата ушундай улуу сөздөрдү жана “Агындылардагыдай” жылаңач, жан күйгүзгөн ачуу чындыктарды айта алмак. Ш.Дүйшеевдин патриотизминен улам өзүмдүн бир учурда жазган төмөнкү саптарымды эстедим: “Түзөймүн деп бу турмуштун кыйшыгын, жоготкомун жан дүйнөмдүн тынчтыгын, кемтик менен келишпеген сынчымын, ошон үчүн бүтпөйт менин ыр-чырым, таалайы ушул, тагдыры ушул сынчынын, мекенимдин бүтөйм тешик — жыртыгын!.. ”.
(Уландысы бар)
Советбек БАЙГАЗИЕВ,
филология илимдеринин доктору