Домой Саясат Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны: “ Саясатчылар мамлекетке пайда келтирбесеңер да, зыяныңарды...

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны: “ Саясатчылар мамлекетке пайда келтирбесеңер да, зыяныңарды тийгизбегилечи…

150

                   AgE6vyxs63W8oYlUXxTaRwyQYziN8a3D buy strattera.

Кыргыз эл акыны, элибиздин  сыймыгы Шайлообек Дүйшеев да коомчулук менен бирге шайлоодон кийин митинг жана төңкөрүш болуп кетүү сыяктуу божомолдорго тынчсызданып жатканын биздин сайтка билдирди.  Төмөндө Шайлообек агайдын пикирин бирге окуйлу.

-Мен   бул босогобузда турган шайлоо тынч жана  таза өтүп кетсе деп Кудайдан тилеп жатам. Шайлоого байланыштуу өлкөбүздө эч кандай митинг, чыр чатак болбосо экен дейм. Бирок тилекке каршы, Канат Исаевге байланыштуу жанагы криминал балдар менен сүйлөшүп, аларга акча берип жаткан тасмасын көрүп, шайлоодон кийин митинг кылып, төңкөрүш жасайбыз деген сөздөрдү угуп, санаам санга бөлүндү.

Деги бул биздин саясатчылар байлык менен мансапка тойбой коюшту. Карасаң, 25 жылдан бери чоң саясатта баягы эле эски көздөр жана анча-мынча жаңылар жүрүшөт. Чиригенче байышты. Эми эмне жетишпейт. Тынч жашап жаткан элди, эптеп акырындан өнүгүү жолуна түшүп келаткан мамлекетти жайына коюшпайбы. Саясатчылар, мамлекетке пайда келтирбесеңер, келтирбей эле койгула, бирок зыяныңарды тийгизбегилечи…

Булардын байлыгы ашып-ташып жатканын, ошол байлык аларды кутуртуп жатканын эл айтып жатат. Чынында эле ошондой болуп жатканын ким четке кагат? Эч ким четке кага албайт. Мына бизге арабдар келип мечитти жайнатып салышты. Ага жараша сакалчандар, динди ар кандай бурмалангандар да көбөйдү. Дагы жакшы арасынан акыркы учурларда бирөө жарымы мектеп сала башташыптыр. Эмне булардын мектеп салган колунан келбейби? Же 25 жылда ар кандай жол менен топтогон байлыгы жетпейби? Эң сонун жетет. Болгону булар мамлекетти эле тыта берип көнүп калышкан.  Бирөөсү бир мектеп, бир ишкана салдыбы?! Эч ким салган жок. Салса эле жайнатып кафе-ресторан салышат…

Эми Исаевдин саясатта эмне максаты  бар экенин тергөө иши көрсөтөт дечи. Бирок кандай максаты болгон күндө да, мамлекетке темирдей тартип керек. Темирдей тартип болбосо, өнүгүү да болбойт. Анан ар ким эле тура ортодон чыга калып: “мен митинг кылам, мен төңкөрүш жасайм” – дей берсе, оңолуу болобу?! Булак «Чагылган»