Кыргыз эл акыны, Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктын ээси, элибиздин сыймыктуу инсаны, Шайлообек Дүйшеев учурда Текебаевдин камалышы, митинг маселеси боюнча өзүнүн кыска жана нуска пикирин билдирди. Төмөндө, айтылуу акындын акылга толгон ак сөзүн окуп, сиз да калыс пикириңизди билдириңиз.
— Мага эң башкысы элдин тынчтыгы керек. Өрттөлбөгөн үйлөр, тонолбогон дүкөндөр, атылбаган жигиттер керек! Эгер, үчүнчү революция болуп кетсе, Кыргызстан жок болуп кетиши мүмкүн. Саясатта кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөсүз, аны сот териштирип алсын. Элди дүрбөтпөгүлө!
Chagylgan.kg