Домой Азил Темир Сариевдин туфлисин кайсы аткаминер өптү?

Темир Сариевдин туфлисин кайсы аткаминер өптү?

244

Темир Сариев

Өкмөттүк жыйындардын биринде аткаминерлердин бут кийимдери столдордун астында өз ара сүйлөшүп жатышат дейт.

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин Leon фирмасынан чыккан чаар туфлиси:
-Эмнесин айтасың, кечке чейин буттардын астында эзилип араң эле чыдайсың. Анын үстүнө мени тепкилеген министр өтө эле жеңил-желпи, көп учурда болбогон нерсеге ордунан чимирилип, менин түтүнүмдү чыгарып жиберет — деп бышактайт.

Анда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун Орусиядан чыккан аскердик батинкеси:
-Эми сенин ишиңе жараша салмагың да жеңил да. Бааң деле бир пенсиялык, бир аз кемшейип калсаң, министриң башкасына алмаштырып кийип алат. Менин өзүмдүн да салмагым оор, орусча айтканда “4 ВДВмын”. Кожоюнум да ошого жараша эмеспи. Бирок, жаман жери-жери жаратылыш кырсыгы болгон жерлерде, тоо-таштарда эч нерсени ылгабай басканда “мурдума” эмненин гана жыттары келбейт дейсиң. Күн бир аз эле ысыса, дем жетпей калат, кээде “атылып” да кетем — деп кейийт.

Анда экөөнүн арманын уккан премьер-министр Темир Сариевдин Италиядан крокодилдин терисинен жасалып, көз жоосун алган капкара туфлиси:
-Силерди го билбедим. Мени кимдер гана аарчыбады. Кожоюнума иши түшкөндөрдүн көпчүлүгү бүгүлө калып эле чөнтөгүндөгү кол аарчысы менен аарчып жибергенде өзүм да таң калам. Өткөндө да бир салабаттуу эле министриби, агенттик директорубу, же опера-балет таетрынын мүдүрүбү айтор, тизелей калып мени өпкүлөп, жалап-жуктап жиберсе болобу. Өзүм да бир аз ичиркене түштүм. Антип кошомат кылгандарды көрүп эле жүрбөйсүңөрбү? Чынында андай учурларда андай пас адамдардан бир топ да өйдөсүнүп калат экенсиң — деп сүйлөп бүтөрү менен эле, бул сөздү угуп, табасы канып калгансып Темир Аргенбаевич дагы туфлинин башын бир башкача кыймылдатып алыптыр.

Аны көргөн аткаминерлердин бут кийимдери:
-Жаша, жаша, — дешип “кол чаап” жиберишиптир.