Домой Саясат Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны: “Мен элин-жерин сатпаган, ыймандуу киши үчүн добуш...

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны: “Мен элин-жерин сатпаган, ыймандуу киши үчүн добуш бердим, акыл-эси бар адам намысты тебелеткендерди колдогон жок”

245

AgE6vyxs63W8oYlUXxTaRwyQYziN8a3D

sex power tablet in hindi. Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Таңкы саат 8:00де өлкөдөгү 2375 шайлоо участоктору ачылып, ишин баштады. Сиз өзүңүз да шайлоого катыштыңызбы?

—          Жеке мен биринчи жолу шайлоого катыштым. Манжамды аппаратка басып, дүкөндөн берчүдөй чекти колума кармап бюллетенди алдым. Андан кийин кабинага барып, өзүм тандаган талапкерге добушумду берип, бюллетенди урнага салдым. Урнасы банкоматтардай болуп кагазды заматта жутуп алат экен. Бул аппарат Борбор Азияда биринчи бизде ишке кирди деп жатат. Адистердин баары аны таза шайлоону камсыздай турганын белгилөөдө. Буга чейин Роза Отунбаева да ушундай пикирин билдирген эле. Демек, мындан өткөн таза шайлоо жок.

Бул саясий иш-чаранын өлкө келечеги үчүн маанилүүлүгүн кандай баалайт элеңиз?

Албетте, президенттик шайлоо Кыргызстандын келечеги үчүн абдан маанилүү иш-чара. Бирок, жакшы иштеп жаткан адам 6 жылдык мөөнөтүн өткөрүп берип жатат. Кээде ушундай адамдар эки мөөнөткө чейин иштесе болмок деп ойлоп каласың. Анткени, акыркы жылдары турукташып, жакшы жолго түштүк эле. Ошентсе да демократия деп президентти бир эле мөөнөткө шайлап жатпайбызбы

Кээ бир талапкерлер акчасын самандай сапырганы аз келгенсип, Казакстандын президентине, олигархтарына чөгөлөдү. Сиз ушул талапкерди шайлаган жоксузбу?

Аны кыргыз эли, акыл эси бар колдогон жок. Биздин Конституцияда үгүт маалында башка мамлекеттин жетекчилерине жолугууга болбойт экен. Бирок, мындай норманы көзгө илбей тебеледи. Эч кимдин ата-энеси өлбөсүн. Ошентсе да адамды ажалы жетсе сактап кала албайсың. Мисалы, атаң өлсө 1-2 жылдан кийин аш бересиң. Эми атама аш берем деп коңшу өлкөгө барасыңбы акча сурап? Кыргыз жалгыз шымын сатып болсо да мындайга эч качан барбайт. Ата-бабаларыбыз кылымдан бери келе жаткан намысын тебелеткен эмес. Намысын саткандан көрө муунуп өлгөн артык. Нурсултан Назарбаевдин ал кишинин кабыл алганы да туура болбой калды.

Сыр болбосо сиз өзүңүз кимге добуш бердиңиз?

Чубак ажы Жалилов абдан билимдүү киши. Ал окубагандын баарын окуган. Ошол киши бирөөлөр жаман көрүп калбасын деп унчукпай турганча сүткорлорго добуш бербегиле деп айтыптыр. Мен да ыймандуу, мамлекетти тонобогон, таза кишиге добушумду бердим.