Домой Маданият «Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү (уландысы)

«Агындылардын» көркөм ажайып дүйнөсү (уландысы)

103

(Башы өткөн сандарда)

7. Манас Ата жана Шайлообек

Ш.Дүйшеев балалыгынын күн тийген күнгөйлөрүн, кыялдуу, романтикалуу учурларын гана эмес, көктөм мезгилинин кардуу тескейлерин, көөдөнгө өчпөс так калтырган көлөкөлүү психологиялык драмаларын да алаканга салгандай кылып, алдыбызга жайып таштаган. Көктөм мезгилден  башталып, кийин, кийин көкөйдү кескен көкүрөк дартына  айланган, үй-бүлөлүү, бала-бакыралуу Шайлообектин эч ким туйбаган инсандык ички тымызын рухий-психологиялык көйгөйү болуп калган көрүнүш жөнүндө тикелей кеп кылуудан мурда,  улуу  “Манас” эпосунун бир орчундуу мисалына кайрыла өткүбүз келет.

Бала кезинде да, кийин чоң киши болгон убагында да, Манас менен Чыйырды эненин ортосу өзүнчө бир ысык мамиле менен, өзгөчө бир гармония менен айырмаланат. Таласка өзүнчө Ак сарай салып берип, Манас энесин урматтап, төбөсүнө көтөрөт (“Чыйырдынын Ак сарай, кеңдиги бар бир далай”). А түгүл атагы таш жарган баатыр болуп, Таласта падыша тагында отурган чагында да, Манас бир ирет Алманбет менен келип, бир жагынан энесине эркелеп, экинчи жагынан достук үчүн ант кылып, Чыйырдынын эмчегин эмет. Муну көргөн атасы Жакыптын жылмайып күлүп турганы “Манаста” мындайча сүрөттөлөт: “Отуздагы баласы, зоңкоюп эмчек эмди!” деп, эми Жакып чал күлүп турганы”.

Ал эми Манастын 20-кылымдагы урпагы Шайлообектин энеси Нурбүбү менен болгон мамилесинин дисгармониясы айкөл бабабыздын өйдөкү мисалына карата кескин контрастты түзүп турганы, чынында  окурманды ойго салып, түйшөлтүп отурат. Автор моминтип көз алдыбызда терең толгонуп турат: “Тилекке каршы мен апам Нурбүбүнүн жаш кезин эстей албай койдум. Анткенибиз 46 жылдан кийин гана кездештик. Мен 4 жашка чыкканда “кеткен” ышкындай жаш келин, эми басса-турсале эли-жерине, бала-бакырасына жалынып-жалбарына берген жагымдуу, айтегерек кемпирге айланыптыр. Биз экөөбүз тең эмнегедир канча жылдан бери сагынышып жүрүп табышкан адамдарга окшоп бири-бирибиздин кучагыбызга кулап түшпөдүк. Жөн-жай эле, көптөн берки тааныш өңдүү көрүштүк. Өбө алган жокмун, апам да анча батыналбай бетимен коомай сүйдү. Экөөбүздүн ортобузду абдан тааныш, ошол эле убакта экөөбүзгө тең таптакыр белгисиз бир нерсе бөлүп турду. Ага мен көбүрөөк “чоочун” болуп турганымды сезип аттым. Мен ага эркелей албай, бир да жолу “апа” деп айталбай койдум. Кучагына кулап, көкүрөгүнө башымды жөлөй албадым. Экөөбүздү жапжакын, маңдай-тескей олтургузуп коюп, бирок бири-бирибизди тосуп, бирибизди бирибизге жеткирбей, бир аз эле эпкини тийсе Эне-Бала болуп, ээ-жаа бербей төгүлүп-чачылып кетчү аялуу сезимди эмне деген күч токтотуп, эмне деген күч кармап турганын мага бүгүн ким түшүндүрүп, ким айтып бере алат? Бейиши болгур чын эле 80 жашка чыгып дүйнө салды. Өкүрүп барып топурак салып кайттым, бирок чын эле ыйлай албай койдум. Жашым түгөнүп калгансып такыр чыкпай койду. Келип Бишкектин “Алина” аттуу кафесинде куран окуттум”.(“Агындылар”, 215-216-бет.)

Бул эмне деген адам коомунда анча кездешпеген  азаптуу окуя? Эне-баланын ортосундагы не деген трагедия? Улуу табият эне бир бүтүнгө бириктирген эки жандын ортосунда да ушундай болот экен ээ? Жанагинтип, “отуздагы зоңкойгон” Манас эркелеп, энесинин эмчегин эмип жатса, Шайлообек эмне үчүн бир боор апасын “апа” дей албай, өлсө көзүнөн жаш чыкпай кыйноо чегет? Айтмакчы, Манас  баатырдын ата-энесине, айрыкча, Чыйырды апасына болгон урмат-сүйүүсүнүн өзүнчө психологиялык тамыры бар. Кеп мында. «Манаста»  Чыйырды эненин баласы Манаска карата мээриминин чеги жок («Эркелетип энеси, аркалап жүрдү атасы»). Он эки жашка чыгып калса да, апасы Манасты «Боздон тоодак куткарбас, боз ала шумкар Манасым, калкайган тоого токтобос, кара ала барчын Манасым, сөзү таттуу балдайым, сөөлөтү сонун айдайым, көз катканда көргөнүм, көлөкө жалгыз эрмегим!»-деп, уулуна эбедени эзилип турат. Уулу үчүн отко, сууга түшүүгө даяр. Кыскасын айтканда, күн көктөн жадырап тийип, нурун төгүп, кыртыштагы чөптү өстүргөн сыяктуу бала Манас Чыйырды энесинин агылып-төгүлгөн мээриминин астында эркин өсүп-чоңоёт. Бала күнүнөн эне мээримине каныккан Манас тереңинде Чыйырдыга ыраазы жана ал апасынын эмгек-мээнетин жүрөгүнүн түпкүрүндө алдейлеп жашайт.

Өкүнүчкө жараша, биздин мынабу Шайлообек бала чагында дал ушундай апанын мээримине каныкпай калган, каныкмак турсун куру калып отурбайбы. “Бу дүйнөдө апалуу болуп туруп апасыз жашаган мен эле болсом керек” деп автор балалык тагдырына кейип, күңгүрөнүп турбайбы                   ( обүективдүү жана субүективдүү  себептердин, турмуштук проблемалуу жагдайлардын айынан бир райондо туруп 46 жыл көрүшпөгөн эне-баланын окуясы “Агындыларда” психологиялык жактан чынчыл жана ишенимдүү ачылып берилгендигин атайы  белгилеп коёлу). Апасы менен көрүшүп, катташып, алака-мамиледе болуп жүргөндөн кийинки автордун өйдөкү  монологу же сыр ачуусу “кичинекейинен мээримге, жуурулушкан ысык мамилеге бөлөнбөй калуу, эне-баланын  өз ара байланышындагы ички психологиялык кылдат тамырларынын үзүлүшүнө, табигый гармониянын бузулушуна алып келери, мунун айынан кийин чоңойгондо ата-эне менен баланын ортосунда эмоционалдык  байланыштардын көрүнөө дефицити пайда болору, уул-кыздын атага же апага агынан жарылып, ачыла албай турары, демек, мээримдин дефицити акыры баланын жан дүйнөсүнүн өксүгүнө түрткү  болору” жөнүндөгү психологиялык изилдөөлөрдүн тыянактарынын акыйкаттыгын далилдеп отурат. Образдуу сөздөр менен ич дүйнөмдүн “бырышкан, тырышкан, кыйрайган, мыйрайган жерлеринин баары  түзөлбөгөн бойдон калды” деп автор чын сырын дагы айтып жатпайбы.

Кыскасы, эми Ш.Дүйшеевдин мындай адамдык тагдыр-тажрыйбасынан улам кандай жыйынтыкка келүүгө болот? Албетте, баланы бешикке бөлөгөн жакшы, бирок аны биринчи иретте, мээримге бөлөө керек. Чындыгында, МЭЭРИМ — бул баланын адам катары түзүлүү   пайдубалында жаткан улуу жаратуучу кудурет. МЭЭРИМ — эне-баланын өз ара гармониясынын кыймылдаткыч күчү. Мээрим мээримди жаратат. Дагы айталы, буга ошол эле өйдөтөгү Чыйырды эне менен уулу Манастын ортосундагы жуурулушкан ысык мамиле күбө.  Кудай “Агындылардагыдай” тирүү туруп эне-баланы бири-биринен ажыратпасын!

“Мен эч бир жетимге окшобогон жетим болдум”-деп жазат автор китебинде. Чынында Ш.Дүйшеев өзүнүн жетимдик  жазмышындагы эч кимдикине окшобогон, эч жерде жок уникалдуу тарыхты эч нерсесин жашырбай жазып, ортого таштаган. Тарых демекчи, мурдагы роман, повесттерден биз көбүнчө жетим  жандын сырткы физический азабын, тышкы социалдык тарыхын, аянычтуу жетимдик тагдырдын сырткы окуялык перипетияларын окуур элек. Ал эми “Агындылардан” күтүлбөгөн өңүттөн туруп жазылган жетим адамдын ички психологиялык тарыхына,  тышкы баянга эмес, жетим  болгон кишинин өзүнүн чын жүрөктөн чыккан монологуна күбө болобуз. Ш.Дүйшеевдин “Агындылары” ушундай ички сырчылдыгы менен  кайталангыс жана буга чейинки жетимдер  жөнүндөгү баяндарга окшобойт. Соңунда айтарыбыз, апасы Нурбүбү менен болгон Шайлообектин окуя-таржымалы кеңири караганда, бир жагынан окумуштуу психоаналитиктерге табылгыс фактылык материалды тартууласа, экинчи жагынан кайсы гана өлкөдө, кайсы гана континентте жашабасын, бардык-окурмандар үчүн кызыктуу, айрыкча ата-энелерге өзүнчө бир эскертүү жана таалим-сабак. “Агындылар” эне-баланын теңир тартуулаган табигый биримдигин, уюмун, “уюгун” бузбоо жөнүндөгү гуманисттик осуятты астыртан каңкуулап тургандыгы менен кундуу.

 

8.“Агындылардын” педагогикасы

Эми, мынабу нерсени да баса белгилеп өткүбүз келет. “Агындылар” адамды олуттуу ойго салган өзүнүн педагогикалык маани-маңызы менен да өзгөчөлөнөт. Китептин көптөгөн эпизоддорун, аңгеме-дүкөн баяндарын тереңинен орчундуу педагогикалык идеялар аралап өтөт. Мүнөздүү бир эле мисалга токтоло өтөлү.

Дегеле, психологиянын көз карашы менен караганда, 13-15 жаштагы өспүрүмдөрдүн дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр жүрөт. Бул куракта бала өзүн чоң кишидей сезүүгө аракеттенет. Башкалардын көзүнчө олуттуу, маанилүү көрүнгүсү келет. Бөлөктөр тарабынан бааланууну, моюнга алынууну, көңүлдүн борборунда турууну  көөдөнүндө каалап, тегерегиндеги  балдарга өзүнүн ким экендигин далилдөөгө, герой, кыйын болуп көрүнүүгө, өзүнүн  МЕНин  бекемдөөгө талпынат. Алгачкы балалык баёо сүйүү сезими да “бүчүр жарат”. Өз алдынчалыкка, “автономдуулукка” умтулуу жышаандары көбөйөт. Бул жерде айталы дегенибиз, Шайлообек Дүйшеев педагогикалык психологиянын өспүрүмдүн курактык жан дүйнө өзгөчөлүгү жөнүндөгү өйдөкүдөй тыянактарын, бүтүмдөрүн өзүнүн балалыгынын “архивинен” алынган уникалдуу мисалдар менен кашкайта ырастап таштаган. “Агындылар”  ушуну менен да кызыктуу. Китептен бир үзүм окуйлу:

“Мен сүйгөн кыздардын баары мендей болбураган жоош сарыны эмес, өздөрүндөй өңдүү-түстүү спортсмен балдарды жактырчу. Ошондо спортсмен болгум келип,  жеңил атлетикага катышып, жүз метрге чуркоодон айылдан астыма адам салбай, жалгыз турсам менен райондогу  чемпионатка катышып, аз жерден чемпион боло жаздап барып токтогом.  “Атаңгөрү ай, жок дегенде бир шпион кармап алсам”, анан мени “шпион кармаган окуучу” деп мектептин дубал гезитине чыгарып, башка балдарга үлгү кылса деп кыялданып, “Кудай мага шпион кармата көр” деп тилегенимди айтпа. Мен жакшы көргөн кыз жакшы ырдагандыктан аны коштоп туруу үчүн мандалин черткенди үйрөнгөм. Мен жакшы көргөн кыз сүрөт тарткан баланы жакшы көргөндүктөн анын көзүнө түшүш үчүн да сүрөт тарткам. Кенже Эсенбаева деген эжебиз лыжа тебүү боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, дүңгүрөп чыкканда, Ат-Башылык балдардын баары лыжа менен “ооруп” жыгылганбыз. Биринчи болгусу келгендердин арасынан биринчи боло албадым. Бирок биринчи болгум келген каалоом сыртымдан билинбеген менен ичимден кара жалын өрт болуп күйүп турчу”. Ырасында эле, 60-жылдарда Ат-Башылык  Шайлообек  окуучунун аң-сезиминде жана жан дүйнөсүндө жүргөн бул процесстер баланын курактык бөтөнчөлүктөрүн изилдеген педагогика психологдору үчүн кайталангыс фактыларды тартуулагандыгы менен өтө баалуу.

Педагогика демекчи, ушул нукта сөздү бир аз уланталы. Өспүрүм Шайлообек  атасы жок,  тирүү туруп, энеси да жанында жок жетим болсо да, өзүн жетим сезгиси келбей, ичинен намыстанып, классташ балдар, кыздардын алдында кемсинүүнү, басынууну каалабай, балалык-жазмышынын өксүгүн моюнга албай, көрмөксөнгө салып, ата-энелүү бактылуулар менен тең ата жүрүп, айланасындагыларга “телегейи тегиздей”, маанилүү немедей көрүнгүсү келген. Чоочун адамга турмушка чыгып кеткен алыстагы энесин эш тутуп, кулагы “жетим” деген сөздү уккусу келбей, ал бул сөздү ичинен ушунчалык жек көрүп жүргөн учуру эле. Дал ушундай кырдаалда күтпөгөн жерден чагылган түшкөндөй окуя болуп өтөт. Ш.Дүйшеев минтип жазат: “Ошол 60-жылдары жетимдерге жардам катары кийим-кечени республиканын бардык мектептерине тараткан. А дегенде тоголок жетимдерге берилет. Тоголок жетимдер барбы?-деп мектеп директору класс жетекчибизге кайрылды.

-Дүйшеев барсыңбы? Кел, муну сага өкмөт берип жатат — деди класс жетекчим.

Таяк менен башка чапкандай дендароо боло түшүп, эмне кыларымды билбей турдум. Жаным айланкөчөк атып, ичим  сапырылып кетти.

(Уландысы бар)

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
филология илимдеринин доктору