Домой Коом Шаардык сот Кимсановду абакта кармоо тууралуу чечимди күчүндө калтырды

Шаардык сот Кимсановду абакта кармоо тууралуу чечимди күчүндө калтырды

142

Буга чейин адвокат Биринчи май райондук соту Кимсановдун бөгөт чарасын 16-августка чейин узартып, аны борбор калаадагы №1 тергөө абагынан Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына которуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Кимсанов башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин токмоктоо тууралуу арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген.

Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өзүнө карата дооматка комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты четке каккан.

Кимсанов быйыл 22-фервалда Санкт-Петербург шаарында кармалган. Бишкекке жеткирилгенден кийин сот аны адегенде үй камагына чыгарып, 31-мартта тергөө абагына камаган.

Булак: Азаттык