Домой Саясат Жылдызкан Жолдошова, экс-депутат: Батукаев үчүн чартердик рейсти Атахановдун уулу алып келген

Жылдызкан Жолдошова, экс-депутат: Батукаев үчүн чартердик рейсти Атахановдун уулу алып келген

378

Бул сапар Жылдызкан Жолдошова менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевге чыккан соттун өкүмү жана Батукаевди эркиндикке чыгарып жибергендеги парламенттеги талкуу учурунда айтылган фактылар боюнча баарлаштык

-Жылдыз Айтибаевна, кечээ жакында Батукаевдин иши боюнча соттун  өкүмү чыкты.  Райондук сот мурунку президентАлмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 айга кесип, өзүнүн жана жакындарынын мүлкү конфискациялансын, сыйлыктары жокко чыксын  деген чечим чыгарды. Бул жерде бөрк ал десе, баш алган саясат орун алып  жаткан жокпу?

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5- чакырылышынын убагында крим төбөл, кыргыздарды мыкаачылык менен өлтүргөн Азиз Батукаевди абактан бир күндүн  ичинде чыгарып, бир күндө паспорт жасашып, кызыл килем төшөп, Манас аэропортунун випзалынан ИИМдин алдындагы  Жаза аткаруу  мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги өзү узатканы  чоң талкуу жараткан. Депутаттар Батукаевдин чыгышына тиешеси бар тармактагы  жетекчилерди чакырып, сессияда талкуулап, нааразычылыктарын ачык айтышкан. Ошол мезгилде Батукаевдин чыгышына шарт түзгөндөрдүн бири да Атамбаев Батукаевди чыгаргыла деген тапшырма берди деп бири да айта алган эмес. Бирок, ошол парламенттеги жыйында Шамиль Атахановдун Атамбаевге кирип, “Батукаев  ооруп жатат. 2-3 күндүк эле өмүрү калыптыр. Каза болуп калат экен” деген маалымат бергени, чартердик рейсти Шамил Атахановдун уулу алып келип, Азиз Батукаевди алып кеткени   ачыкка чыккан. Алмазбек Атамбаев “Батукаевдин ишин  мыйзамдын алкагында карагыла” дегенин  айтышкан. Эмнегедир ошол учурда  крим төбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз чыгардыңар деп доомат койгондорго баары мыйзам чегинде  бошотулганын  айтышкан. Ошол кездеги Башкы прокурорлук кызматты аркалап жаткан  Аида Салянова “ Бизге эч ким, эч кандай буйрук берген эмес. Биз өзүбүз мыйзам чегинде карап, ооруп жатканына байланыштуу чыгарып жатабыз. Нарын шаарынын прокурору, соту туура чечим кабыл алды” деп айткан. Эми болсо, болгон дооматтын, күнөөнүн барын Атамбаевге оодара салышты. Атамбаевдин күнөөсү канчалык бар же жок экенин билбейбиз. Бирок, эмнегедир Атамбаевге  саясий сүртүмдөр  көбүрөөк сүртүлүп, Шамил Атахановдун Батукаевди чыгаруудагы негизги ролду ойногонун сыры ачыкка чыкпай, табышмак бойдон калды.

Мени кейиткени, кыргыздарды мыкаачылык менен кулактарын кесип,  өлтүргөн кайдагы бир кримтөбөлдү чыгырып жибердиң деп мурунку президентибизди 11 жылга кесип, анын айынан кыргыздын бычакка сап мыкты жигиттери бири-бирине душман болуп отурат.

-Азиз Батукаевди колдоп, буттап мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгарып жибергендер  жоопкерчиликтен кутулуп,  Индира Жолдубаева  тутулуп калды го?

-Бул иште адилетсиздик орун алганын мен өзүмдүн фейзбуктагы баракчама да жаздым. Чынында  Зарылбек Рысалиев жана анын орун басары Зарыл Качкыналиевдин уруксаты жок Азиз Батукаев чыгара албайт болчу. Ошондой эле Батукаевди эркиндикке чыгарууда Шамиль Атахановдун да ролу абдан чоң болгон. Мыйзамды көзөмөлгө алчу органдын башчысы Аида Салянова  адвокаттын ролун  ойноп, бизди мыйзамдын алкагында чыкты дегенге ынандырууга аракет кылган. Бүгүнкү күндө алардын баары тең тергөө менен  кызматташууга барып, жоопкерчиликтен кутулду. Бирок, мен тергөө менен кызматташуу деген сөздү саткынчылык деген сөз деп түшүнөм. Анткени, азыр жаңы Кодексте ушул  норманы киргизип,  жазылбаган мыйзам катары колдонуп жатышат. Чынында тергөө менен кызматташуу деген саткынчылык менен алмашпашы керек эле. Шамиль Атаханов, Зарылбек Рысалиев жана Аида Салянованын тергөө менен кызматташууга барганын коомчулук жакшы билет. Ошон үчүн алар камалган жок.  Тергөө менен кызматташпаган  Индира Жолдубаева менен Атамбаевге болгон күнөөнүн баарын оодара салган чечим чыгарышты. Чынгызгандын жакшы сөзү бар. “Чындык мыйзамдан да  жогору турат” деген. Батукаевдин ишин караган сот чындык менен айкалышкан чечим чыгарбай  койгону өкүндүрөт. Себеби, тергөө менен кызматташуу деген мамлекетке кесепети тийчү   норма жана  кооптуу симптом. Жашоо бумеранг да. Эртең эле бул жагдай кайталанып, кимдир бирөөнүн башына келип  калбайт деген кепилдик жок да. Ошон үчүн кандай маселе болбосун, адилеттүү иш кылганга, адилеттүү чечим чыгарганга аракет кылсак жакшы болмок.

Тилекке каршы, бизде тергөө менен кызматташуу деген   норма  калыптана баштады.  Күнөөлүүлөрдү сырттан  өмүр бою соттошот. Алар чет өлкөдө жыргап каалагандай жашап беришет. Артында эч кимиси жок. Тергөө менен кызматташууга барбагандарды камап же болбосо, бардык кылмышты ошол адамга жүктөп койгон мыйзамсыз  жагдайлар тамырлашып баратат…Мунун кесепети оор болушу мүмкүн. Ошон үчүн адилеттүүлүктөн тайбашыбыз керек.

-Эгер Батукаевдин мыйзамсыз чыкканы чын болсо, аны алып келиш керек беле?

-Албетте, анын мыйзамсыз  чыгып кеткени  үчүн мурунку президент 11 жыл 2 айга кесилди.  Эгер аны алып келүү зарылчылыгы болсо, бийликтегилер  интерпол менен издетип алып келишсе болмок. Чынында Батукаевдин айынан канчалаган мигранттарыбыз азап чегип, ал салган  салыктарды төлөй албай  кыйналгандарын угуп, жүрөгүбүз ооруп эле  жүрөт.

-Батукаев акча үчүн чыгарылган деген да варианттар бар. Ишенсек болобу?

-Батукаевди чыгаруу үчүн акча берилген деген маалыматты мен да уккам.  Бирок, ал жасалма акча болуп калган деген да сөздөр бар. Ким канча доллар алганы, ким кантип чыгарганы аныкталбаса деле баардык нерсе көмүскөдө болуп, элге ачык маалымат берилбей соттун чечими чыкты. Эгерде биз демократиялык өлкөбүз бардык нерсе ачык айкын десе, күч органдары так туура маалыматты өз убагында берип турушу керек эле. Эгерде Кыргыз бийлигинде намыс болсо, Батукаевди алып келиш керек. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Кыргызстандагы  карылар үйүндө жашаган аксакалын да жеке учагы менен  улуттук намысын коргоп алдырып алды. Улуттук намыс деген баарынан жогору турушу керек. Кыргыздын ар бир атуулу өз элин, өз жерин сүйсө  Манас атабыздай сүйүшү керек. Анткени, кыргызды улуттук намыс сактап келген. Ошон үчүн бүт кыргыз жарандарына кайрылып кетет элем. Келгилечи намыстуу эл бололу деп.

Булак: Ачык саясат