Төлөгөн Рахманберди уулу 14-февралда президентке видеокайрылуу жолдогон. Анда Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын билдирип, жардам сураган. Президенттик аппараттан да реакция боло элек. Рахманберди уулу «Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун кланынын айынан тынчтык көрбөй жатканын» белгилеген.
Рахманберди уулунун президентке кайрылуусун Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы негизсиз, мурдагы көрсөтмөлөрүнө дал келбейт деп билдирди.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматы келаткан аптада Саркарбаевди кызматтан алуу маселеси караларын маалымдады. Саркарбаев мыйзамга баш ийе турганын белгиледи.
«Азаттык» Нурбек Раимбековдон, Райымбек Матраимовдон жана алардын туугандарынан азырынча комментарий ала алган жок.
Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.
Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат.
Булак: Азаттык