Анда Рахманберди уулу спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топ ок атып, “бул тууралуу ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын айткан. Нурбек Раимбеков кылмышка шектүү катары камалгандардын бири, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси.
Рахманберди уулунун президентке кайрылуусун Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы негизсиз, мурдагы көрсөтмөлөрүнө дал келбейт деп билдирди.
«Азаттык» Кылычбек Саркарбаевден жана Нурбек Раимбековдон азырынча комментарий ала алган жок. Президенттик аппараттан да реакция боло элек.
Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.
Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. 2019-жылдын 27-декабрында Оштун мэринин жаштар үчүн уюштурган жаңы жылдык кечесинде «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамы ыйгарылган.
Булак: Азаттык