Домой Коом Сак болуңуз! Коронавирус 439 адамдан табылды

Сак болуңуз! Коронавирус 439 адамдан табылды

45

Бүгүн, 1-июлга карата Кыргызстанда дагы 439 адамдан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 195, Чүй облусунан – 175, Ош шаарынан – 5, Ош облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 24, Талас облусунан – 12, Баткен облусунан – 13 катталган.

Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 5735ге жетти.  

Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен айыккан 73 бейтап ооруканадан чыгарылып, алардын жалпы саны 2379ке жетти.

Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 30 адам; Чүй облусунан – 13 адам, Ош облусунан – 1, Ош шаарынан – 20, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 7 адам.