Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 1-июлда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге байланыштуу кылмыш ишин кароону улантары күтүлүп жатат.
Адвокаттардын билдирүүсүндө, акыркы жараян 17-июнда өткөн. Актоочу тарап иштин материалдары менен таанышууга убакыт сурап, натыйжада кийинки сот иши 1-июлга белгиленген.
Ага чейин сот бул кылмыш ишинин мөөнөтүн кароону жана Зилалиевдин тергөө абакта кармоо убактысын 11-августка чейин узарткан.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.
Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында отурат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.