Домой Саясат Садыр Жапаровдун уулунун өлүмү кокустукпу же атайылап уюшулганбы?..

Садыр Жапаровдун уулунун өлүмү кокустукпу же атайылап уюшулганбы?..

894

Саясатчы Садыр Жапаровдун уулу каза болгон кырсык 22-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында орун алган дейт Мелис Аспеков билдирген маалыматында:

“Дастан Садыр уулу жумуштан чыгып, үйүнө кетип бараткан учурда С. Э. аттуу адам жол эрежесин бузуп, сүзүп кеткен. Ал мотоцикл менен бара жаткан. Мотоциклден кулап түшкөндө С. Э. машинасын токтотуп калбастан машинасы менен Дастандын үстүнөн тебелеп өтүп кеткен. Мунун баары видео байкоого түшүп калган. Видео байкоодо көрүнүп тургандай С. Э. артында келе жаткан бир машинаны өткөрүп, анын эле артында удаа келе жаткан мотоциклге капталын тосуп бергени көрүнүп турат. Бул жерде С. Э. эки чийиндүү жерден “разворот” жасап, жол эрежесин одоно бузганы көрүнүп турат.
С. Э. бул кылмышын артка бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го дегем, кечирим сурайм деп түшүндүргөн.
Бул атайын жасалган эмесби деген версиялар текшерилип жатат. Дастан Садыр уулу Бишкектеги № 4-шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жаткан- деди Аспеков.

Садыр Жапаровдун уулу Дастандын өлүмүн соц тармактарта кандайдыр бир күчтөрдүн кызыкчылыгына байланыштыргандар болууда. Садыр Жапаровду колдоп жазгандар «Ал сентябрь айында сенсациялуу кайрылуу жолдойм» деп билдирүү тараткан соң баласы кырсыкка учурап жатат. Бул жөн гана кокустукпу же атайын уюштурулган кылмышпы деп суроо салышууда.