Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун уулу Дастан авто кырсыктан каза болду. Активист Мелис Аспековдун билдирген маалыматында Мусталиев жол кырсыгына кабылган.
-Бишкек шаардык 4-ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган болчу. Партиялаштар чогулуп, кан бергенбиз. Азыр эле Дастандын жан бергени тууралуу кабар алдык, — деди Аспеков.
Кошумчалай кетсек, 27 жаштагы Дастан Мусталиев Садыр Жапаровдун улуу баласы.
Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.