Домой Криминал С. Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш...

С. Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши кайра козголду

214

Ысык-Көл облустук сотунда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековдун катышуусундагы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгынын күнөөкөрүнүн өкүмү даттанылды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарындагы өздүк булактар ​​билдирди.

Маалыматка ылайык, прокуратура соттун чечими менен макул болбогону такталды. Көзөмөл органы өкүмдү мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептээри белгилүү болду.

Эске сала кетсек, Ысык-Көл райондук соту жол кырсыгынын күнөөкөрү Элдияр Халмурзаевди жазадан бошоткон. Сот ага карата мунапыс колдонду. Бул иш боюнча депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков жоопко тартылган жок.

2019-жылдын 7-июль күнү таңга маал Бактуу-Долоноту айылынан алыс эмес жерде жол кырсыгы катталып, төрт адам каза тапкан. Кырсык “Lexus ES” автоунаасы “BMW X7” үлгүсүндөгү жол тандабас менен кагышкандыктан келип чыккан. Натыйжада унаанын жүргүнчүлөрү каза болгон. Кырсыктын катышуучуларынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков болгон. Расмий маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кырсык учурунда “BMW” унаасынын жүргүнчүсү болгон. Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.