Домой Коом Рыскулбеков: Жапаров Жээнбековдордун, Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган

Рыскулбеков: Жапаров Жээнбековдордун, Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган

1902

Жарандык активист, люстрациянын жактоочусу Эркин Рыскулбеков мындай пикирин бүгүн, 7-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. Ал 6-октябрда Садыр Жапаровдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан учурда «Достук» мейманканасында болгонун айтты:

«Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар координациялык кеңеш түзүп, кырдаалды талкуулап жаткан учурда Садыр Жапаровдун талапкерлигин кечээки «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери болгон депутаттар өкмөт башчылыкка көрсөтүштү. Ал жерде 61 депутат катышты деп айтылганы менен, аз эле депутат отурду. Ишеним каттар деп атышты, бирок андай шектүү ишеним каттарды мен көргөн жокмун. Сырттагы эл «импичмент» деп кыйкырып атканда, Садыр Жапаров чыгып алып, «биз кечке эле президентти алмаштыра беребизби, президент иштей берсин» деп айтты. Демек, ал Жээнбековдордун жана Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган».

Ушул тапта Өкмөт Үйүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар чогулуп, убактылуу өкмөт түзүү маселесин карап жатышат. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингге ким чыккан-чыкпаганын териштиришүүдө.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушту.

«Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн. Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

булак: chyndyk.media