Домой Коом Ысык-Атада Акылбек Жапаровдун 80га алма багын жана спорт комплекстин талкалап кетишти (сүрөт)

Ысык-Атада Акылбек Жапаровдун 80га алма багын жана спорт комплекстин талкалап кетишти (сүрөт)

1453

Ысык-Атада курулуп жаткан спорт комплекстин куруучулары сабалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алар Ысык-Ата районундагы Интернационал айыл аймагынын жаштары тарабынан токмоктолгон. Андан тышкары 80 га аянттагы алма бакты талкалап, ошол жердеги кароолчунун үйүн өрттөшкөн.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, спорт комплекс Акылбек Жапаров тарабынан курулуп жаткан. Ал эми алма бак Жапаровго тиешелүү.

булак: koom.press