Белгилей кетсек, 27-августтан тарта элчилик чартердик каттамдарга жарандардын тизмесин түзүүнү токтоткон. Буга байланыштуу Кыргызстанга келүүгө камынган мекендештерге «Авиатрафик», «Аэрофлот», «Сибирь», «Тез жет» жана «Уральские авиалинии» авиакомпанияларынын расмий авиакассалары же веб-сайт аркылуу өз алдынча билет алууга укук берилген.
Элчилик билет алууда төмөнкү даректерди сунуштайт:
- «Авиатрафик» авиакомпаниясы — «Домодедово» эл аралык аэропортундагы №107 кассада дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 10.00дөн 19.00гө чейин сатылат.
Онлайн сатуу дүйшөмбү күнү (31-августта) ачылат деп күтүлүүдө; - «Аэрофлот» авиакомпаниясы — сатуу кеңселери жана кассалары тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтына илинген.
Авиабилеттерди компаниянын сайтынан да онлайн режимде сатып алса болот; - «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы — «Домодедово» эл аралык аэропорту, №105, №106 кассалары, күнү-түнү.
Павелецкий темир жол бекети, №7 кассасы «Aэроэкспресс» залында, күн сайын саат 08.00дөн 20.00гө чейин;
Соймоновский өтмөгү, 7-үй, 1-корпус, «Кропоткинская» метросу, дүйшөмбү-жума күндөрү саат 09.00дөн 18.00гө чейин. - «Сибирь» авиакомпаниясынын билеттерин эки жерде алса болот:
- «Домодедово» эл аралык аэропортунун учуу залы, 1-кабат, № 3 чыгуу эшигинин жанында күнү-түнү сатылат;
- Павелецкий темир жол бекети, «Аэроэкспресс» залында №3 кирүү эшиги, Славянка дүкөнүнүн жанында, дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09.00дөн 20.00гө чейин.
Мындан сырткары, расмий сайтынан онлайн режимде сатып алууга да болот.
Элчилик жеке авиакассаларга, агенттиктерге, ошондой эле ортомчулар менен сатуучуларга билетке деп акча берип алданып калбоону эскертти.
Булак: Спутник