Домой Маек Болот Бегалиев, жеке ишкер: “Жасаган ишиң элге жакса — ийгиликке жетет экенсиң!”

Болот Бегалиев, жеке ишкер: “Жасаган ишиң элге жакса — ийгиликке жетет экенсиң!”

783

Учурда ийгиликтүү ишкерлердин катарын толуктаган бүгүнкү каарманыбыз алгачкы эмгек жолун мастер катары заводдон баштаган экен… Союз кулап Кыргызстандын борбор калаасында жайгашкан завод-фабрикалар токтоп, көптөгөн адамдар жумушсуз калганда, ошол кезде көчөдө соода кылгандарга шарт түзүп берип миңдеген мекендештерибизди иш менен камсыз кылган Болот Касымбекович өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу бизге төмөндөгүдөй маек куруп берди. 

-Болот Касымбекович, айтсаңыз, жеке ишкер болгонго чейин кайсы кесиптин ээси элеңиз? Алгач маегибизди ошондон баштасак…

 —1978-жылы Москва техникалык институтунун “Тамак-аш өнөр жайы” факультетин бүтүрүп, инженер-технолог кесибине ээ болгондон кийин ал жактан Кыргызстанга келип, Сокулук районуна караштуу Киров совхозунда аталган тармакка тийиштүү заводдо мастер болуп эмгек жолумду баштагам. Жарым жылдын аралыгында башкы мастер, технолог, цехтин башчысы болуп эмгектендим. Андан кийин 2-3 жылдын аралыгында лабораториянын бөлүм башчысы,  заводддун башкы технологу болуп иш алып бардым. Биздин ишибиз өз нугунда жүрүп жаткан учурда ал кездеги Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин башкы секретары Михаил Горбачевдин указы менен жүзүмдөр кыйылып, вино чынарылбай калгандыктан эң алгач биз жумушсуз калдык. Бирок, ошол эле учурда кооперативдердин иштешине уруксат берилди. 1989-жылдын башында кооператив ачып, өзүбүздүн ишибизди баштадык. Бир жылдан кийин союз кулап, завод-фабрикалар токтоп, миңдеген адамдар жумушу жок калды. Ошондо ар бир адамга каалаган жерден соода кылганга болору тууралуу президенттин указы чыккан. Көчөлөргө эл соода кылганды өздөштүрө баштагандыктан борбор калаадан тышкары бардык шаардын ичи чоң базар сыяктуу болуп калган. Ошентип эл сооданы өздөштүрө баштаган учурда көчөдөгүлөрдү иретке келтирүү тууралуу чечим чыккан.

Азыркы кезге чейин эсимде, бизди Ленин районунун акими чакырып: “Ош базардагы “Кыялдын” жанынан жер бөлүп берели. Силер көчөдөгү элди соода кыла турган жай менен камсыз кылгыла. Силерге эки “Нива” бөлүп берели,”- деп өзүнүн сунушун айткан эле. Ал кезде машиналардын баары шаардык аткаруу комитетинин чечими менен сатылчу…

-Анан ишти кантип баштадыңыз?

“Кыялдын” жанына ошондо 180ге жакын киоск орнотуп, көчөдөгү элди жайгаштырып базардын ишин 1993-жылдары баштаганбыз. Шаардыктардын баары жакшы билет. Эч кандай ыңгайлуулугу жок базарды биз иретке келтирип, элге жакшы шарт түзүп берүү үчүн “Берекет” соода комплексин курганбыз. Миңдеген адамдар соода менен өз тириликтерин кыла баштагандан кийин заманбап “Берекет Грандды” ишке киргиздик. Эң алгачкы курган соода комплексибизден өрт чыгып 3 миң чарчы метр жер күйүп кеткенден кийин анын ордуна 30 миң чарчы метр жерге бүгүнкү күндүн талабына жооп берген соода жайын курдук. Булардан тышкары бир топ ишканаларды ачканбыз. Салык инспекциясынан биз салык төгүү боюнча бир нече ирет  сыйлыктарга ээ болгонбуз. Мурдагы жылкы көрсөткүчкө караганда мамлекетке салык төгүү боюнча биз Кыргызстанда 30-орунга ээ болуптурбуз. Бул биз үчүн чоң жетишкендик болуп эсептелет. Тактап айтканда биз жыл сайын мамлекетке 60 миллион сомго чейин салык төгөбүз.

-Учурда сиз өлкөдөгү белгилүү жеке ишкерлердин бири болдуңуз. Ийгиликке жетүү үчүн жеке ишкер алгач эмне кылуусу керек?

-Биринчиден алдыга максат коюш керек. Ошол максаттын негизинде жасаган ишиң канчалык элге жакса — ошончолук ийгиликке жетет экенсиң. Мисалы, Билл Гейтсти айта турган болсок ал миллиондогон адамдарга компьютердин программасын жасап жеңилдик берсе, анын ишинде ошончолук ийгиликтер жаралып жатат.

-“Адамдын улуулугу — анын жөнөкөйлүгүндө” деген сөздүн маанисин кантип чечмелеп берет элеңиз?

-Бой көтөрбөй, эл менен аралашып жүрсөң эл менен аябай жакын болуп калат экенсиң. Өзүм болсо айылда жашайм. Айылдаштарыма кошулуп алып ишембиликтерде жумуш жасайм. Айылдагы эски дүкөндү сатып алып ошол жерге клуб куруп бергем. Эл ошол жерден жыйындардан тышкары той-аштарды өткөрүп жатышат.

-Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз? 

-Күнүгө 5 чакырым чуркайм. Андан кийин убакыт болсо бассейнде 1 чакырымдай сүзөм. Жайында үй-бүлөм менен көлгө барып эс алып келем…

-Маегиңизге ыраазычылык!