Домой Экономика Россия Кыргызстанга гумжардам катары 9 миң тонна азык-түлүк жөнөттү

Россия Кыргызстанга гумжардам катары 9 миң тонна азык-түлүк жөнөттү

27

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары тогуз миң тонна азык-түлүк жөнөттү. Бул туурасында Россиянын КРдеги элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, азык-түлүктөр өлкөдө жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратып берилмекчи.

“Россия Кыргызстанга 8 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алды. Ал каражатка жакыр жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында тогуз миң тонна азык-түлүк сатып алынды. 25-ноябрда Бишкекте ун жана өсүмдүк майын тапшыруу аземи болуп, андан соң региондорго бөлүштүрүлөт. Бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылууда”, — деп жазылат маалыматта.

Аны менен катар Россия өлкөдө тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча башка долбоорлорду дагы каржылоону уланта турганы белгиленет. Анын ичинде башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыздоо дагы бар. Бүгүнкү күндө ысык тамак менен 400 миң окуучу камсыздалган.