Домой Саясат «Белизгейт» боюнча президентикке талапкер Абдил Сегизбаевдин түшүндүрмөсү

«Белизгейт» боюнча президентикке талапкер Абдил Сегизбаевдин түшүндүрмөсү

517

Белизгейт окуясы боюнча айтсам, тийиштүү документтерди президент Атамбаевге бирөөлөр алып келип таштап кетишкен. Мени президент чакырып, документтерди берип, карап көрчү чындык бекен, калп бекен, негиз бар бекен деди. Документтерди УКМКга алып келип, карап чыктык. Ал жерде жазылып турат: 2010-жылы 100 пайыз Максим Бакиевге таандык болгон «Мегаком» компаниясы эмнегедир экиге бөлүнүптүр. Бир бөлүгү, тактап айтканда 49 пайызы улутташтырылыптыр, калган 51 пайызы болсо «белгисиз» инвестордун мүлкү деп калтырылыптыр. Ошол документте жазылып журөт «Эгерде кимдир бирөө 51 пайызды сатканга жардам берсе, юридикалык иштердин бардыгын бүтуруп берсе, андан кийин мурунку ээси Максим Бакиевге жана тегерегиндегилерге каттатып, анан сатып бергенге жардам берсе, өзүнүн кызыкчылыгын алат»-деп. Документтерди териштире келгенде, чындыгында 2010-жылы 100 пайыз М.Бакиевге таандык «Мегакомду» экиге бөлүп коюшуптур. Экинчиден, 2011-жылы күзүндө мамлекеттик мүлктөрдү каттоо министрлиги конкурс жарыялаптыр, ал жердеги тизмеге «Мегаком» киргизилип, 49 пайызын «Мегаком» сатат деп берилиптир. 49 пайызы сатылгандан кийин калганы да сатылмак экен. Бул биринчи этап. Экинчи этапта 2011-жылдын ноябрь айынан баштап 2012-жылдын январына чейин бир нече соттор жүрүптүр. Ал соттордун негизинде бир бөлүгү Сергей Сукало деген Максим Бакиевдин жан-жөөкөрүнө соттун чечими менен өтүптүр. 1-2-инстанциялар жана Жогорку соттун чечими менен. Үчүнчү этабында мамлекеттик каттоодон өтүп, Сергей Сукалонун «Эрменторесурсы» деген компаниясына өтүптүр. Төртүнчү этабында «Телесонера» деген Швед компаниясы келиптир, «Мегакомду» 350млн сатып алам деп. Ал жерде өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр өтүп, макулдашылып, иштер чечимдер кабыл алынганга чейин барыптыр. Башкача айтканда ошол документтерди алсак, документте жазылган кадамдардын бардыгы иш жүзундө жүруптүр. Бул 2011-2012-жылдары болгон. Кийин сатып алам деген ошол Шведдердин «Телесонера» компаниясы эмнегедир соттордон чоочулап, түптүлүгү чыр экен деп, кийин Өзбекстандан уюлдук компания сатып алды. Белгилүү болгондой, кийин сот болду. Көрсө ошол учурда ошол кездеги Өзбекстанды башкарып турган үй-бүлөнүн кызы Гульнара Каримовага 550 миллион доллар пара берди деп ошол Швед компаниясына айып коюлган. Ошонун бардыгын көргөндөн кийин, Атамбаевге 3 күндон кийин документтерди алып келип берип «Сиз берген кагаздар каралды, ичинде жазылган талаптардын бардыгы тең иш жүзундө аткарылыптыр»-деп мен өткөруп бердим. Президент менен жолугушууну президенттин пресс-кызматы тартып атты эле, эртеси күнү мени парламентке чакырышты. Ушул жерде баса белгилей кетчү жагдай, мен өзум барган жокмун, мени парламентке чакырышты.Суроолор болду, мен жооп бердим. Бизге кагаз түшкөнүн, карап чыкканыбызды, текшерүү болгонун, мен эч кимди айыптабайм, бирок текшерүү журуп жатат деп мен ошол жерден айттым. Мен бул маалыматты таратууга каршы болгом. Ал жерде сүрөткө тартып жүргөн балдар болгон, камералар болгон. Бирок мен УКМКнын төрагасы катары андай тарт, же тартпа деген укугум жок болгон. Мен өз милдетимди аткарып,үч күндө топтолгон маалыматтарды бердим. Бирок, ооз эки түрдө бирөөнү айыптап, же болбосо күнөөлөгөн жокмун. Ал эми тартылып жана жарыяланган маалымат боюнча президенттин пресс-кызматынан суроо керек. Мен учүн кызыктуу болгону, бул маалыматтын эл арасына жайылып кеткени, себеби ал материал такталышы керек эле, дагы иликтениши керек эле, андан кийин жыйынтыгы чыгарылышы керек болчу. Мунун бардыгы парламентте талкуу болгондон кийин, бул ишти Башкы прокуратурага өткөрүп беришти. Себеби, УКМКнын төрагасы кызыкдар болуп калды, конфликттин бир тарабы болуп калбасын деп бул иликтөө прокуратурага өткөрүлду. Парламент УКМКнын ишинин табиятын түшүнө беришпейт. УКМКга документтер, маалыматтар ар кандай жолдор менен келет, электрондук почта жана башка жолдор. Бул жолу президенттин аппаратынан келген документ болгон.