Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн курамын карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу депутат парламенттин 25-ноябрдагы жыйынында айтып, коалициянын буга чейинки ишмердигин сындады.
Ал бул тууралуу мындай деди:
-Атамбаев кеткенден кийин коалициялык көпчүлүк аны жамандап, кол тийбестигин алып Сооронбай Жээнбековдун сөзүн сүйлөй баштаган. Ошол эле көпчүлүк эми октябрь окуяларынан кийин башкаларды колдоого өттү. Жаңы президент же президенттин милдетин аткаруучу «Сооронбай Жээнбековду жамандагыла» десе коалиция ага да даяр. Мындай жол менен бара берсек коалициялык көпчүлүк шайтанга кызмат кылууга даяр экен. Бул тууралуу коалицияга кирген фракциянын лидерлерин ойлонуп көрүшсүн. Менимче, «Республика-Ата Журт» фракциясынын коалицияны жетектөөгө мүмкүнчүлүгү бар.
КСДП, «Республика-Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүктү түзөт. Аны КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жетектейт.