Домой Саясат Өртөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ордуна БШКне жаңы имарат курулат

Өртөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ордуна БШКне жаңы имарат курулат

66

Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын эски имаратынын ордуна Бишкек шаардык кеңешине жана бир катар шаардык мекемелерге жети кабаттуу жаңы имарат курууну максат кылып жатышканын мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ЖМкларга билдирди. Ал  бул маселе боюнча учурда долбоорлоо үчүн тендер жарыяланган, анын жыйынтыгы менен курулуш качан башталары маалым боло турганын жана  курулуш  шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлө турганын айткан. Ошондой эле, курулушка кеткен каражат жаңы курулган жайга көчүрүлгөн шаардык кызматтардын мурдагы имараттарын ижарага берүүдөн бюджетке кайтарылышы мүмкүн экенин кошумчалады. Мындан сырткары, келечекте Бишкек шаардык кеңеши Москвадагыдай эле туруктуу иштеп калышы мүмкүн экенин айткан