Азыркы бийлик Атамбаевди дагы да каралоо ишин улантууда. Бул эл үчүн жаӊылык деле болбой калды. Кезектеги “фокс-моксту” КТРК уялбай эле элге көрсөттү. Буга чейин КСДП Атамбаевге тийешелүү делген “Форум” имаратын Пархатиге 54 миллион сомго сатылганын айткан.
Пархати болсо бул тууралуу:
“ Биз муну билген эмеспиз. Бизде мындай компания алуу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Алмазбек Атамбаев мени жана атамды уят кылды”- деп Коомдук биринчи каналдан Атамбаев байлыгын шектүү жолдор менен кантип топтогонун баяндаган жарым сааттык иликтөөдө айткан. Ал өзү боюнча мындай маалыматты интернеттен окуп, андан соң шашылыш Кыргызстанга келгенин, Атамбаев аны пайдаланып кеткенин «сыздап» айтып берген.
Ошондой эле Пархати өзүнө “сырдуу жагдайда” жазылып калган мүлктөргө Атамбаев эле ээлик кылган деп кыйыткан. Кыскасы, бийликтин билермандары Пархати менен “иштеп”, “акесин таанытып” койгондой. Мындан тышкары Субихи Пархатинин аты Чаткалдагы сурма казган «Хуасинь» компаниясы боюнча да ачылган кылмыш ишинде аталат.
Булак: Багыт