Акыркы күндөрү өкмөттүн акырынан жем жеген журналисттер менен блогерлер бажы туурасындагы иликтөө жарыяланган соң күнөөнүн баарын Атамбаевге оодарууга жанталашууда. Буга буйрутма берип жаткандар эгерде кеп Атамбаевдин кишилери туурасында болбосо, бир нече ыкчам топторду түзүп, баарын текшерип, күнөөсү барларды абакка отургузуп коймок, ошону менен сындамайлар да токтомок.
Кеп азыркы бийлик өзүнүн күнөөсү үчүн жооп бергенге аргасыз болуп жаткандыгында, буйдалып токтоп калганы да ошондон улам. Чынында сырттан караган байкоочуга Райим Матраимов буга чейин ким менен дос болгон болбогонунун эч кандай мааниси деле жок. Башкысы, Райим-миллиондун көзү турат, ал туурасында бир жылдан ашуун убакыттан бери иликтенип жаткан фактылар атайын текшерүүгө алынбай турат. Эмнеге? Бул жерде бир гана жооп болушу мүмкүн: мында жеке кызыкчылык бар, мында абдан олуттуу себеп болуп турат.
Сооронбай Жээнбеков бул окуя анын жеке кадырына сокку уруп жатканын жакшы түшүнүп турат. Бирок ошого карабай “факты бергиле!” деп күлкүнү келтирүүдө. Бажычынын аялы Дубайдан 12 миллион долларга үй сатып алганы ага факты эмес окшойт. Анткени муну жөн гана көрмөксөн.
Эми ал бажычыны текшергиле деп буйрук берген күндө да президенттик кадыр –баркын бекемдей албайт. Бул коомчулуктун кысымы менен гана болуп жатканын элдин баары түшүнөт. Сооронбай Жээнбеков эки жыл президент болгонун жана өзүнүн иш-аракеттерине жооп бере турган мезгил келгенин эч бир түшүнгүсү жок. Шайлоо эчак аяктап, андан бери эки жыл өтүп кеткенин, эми эл андан убада эмес, ишти күтүп жатканын байкагысы жок.
Коомчулук андан күткөн башкы нерсе – конкреттүү адамдарды жазага тартуу гана эмес. Ал коомчулукка бажыдагы контрабандалык түзүмдөр талкалаланат, алар эч качан кайра жанданбайт деп кепилдик бериши керек. Райимдин ордуна ага окшогон дагы бирөө эмес, коррупциянын жолун чыныгы бууй турган башка адамды алып келиши керек. Бирок мунун бири да жок, ошондуктан коомчулуктун наараазы экенине таң калып да кереги жок.
Булак: Багыт