Домой Коом Ош облусунда очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

17

Кечээ, 6-октябрь саат 14:10 чамасында Ош облусунда очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын күчү Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында 4 баллга, Икизяк, Көк-Суу айылдарында 3 баллга, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин жетти. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.