Бүгүн, 7-октябрда «Форум» ишканасынын алдында митинг өтүп жатат. Иш-чарага президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов дагы катышууда.
Митингде Фарид Ниязов сөз сүйлөп, кызмат бөлүшкөндөрдү сындады. «Биздин эң негизги аткара турган ишибиз — өлкө бүтүндүгүн сактоо. Мурдагы Бакиевдик, Сооронбайдык режимдердин тил табышып, чогуу иштеп кетишине жол бербейли. Жаштарга жеңишин кайтарып беребиз», — деди ал.