Домой Коом Өмүрбек Бабанов алдыдагы аламанда кызык оюнду баштаганы калдыбы?

Өмүрбек Бабанов алдыдагы аламанда кызык оюнду баштаганы калдыбы?

85

“Республика” партиясы шайлоого катышууга белсенип, бирок, мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан аксап, четтеп турганы эки анжы ойго салган. Мындай кыйын шартта БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов менен Оштун губернатору Узарбек Жылкыбаевдин катарга кошулуп атышы, дагы да салмактуу фигуралар менен толукталары эмнени билдирет? Учурда “республикачылар” оппозициялык маанайда багыттарын тыңдап алышса, каражат маселеси да чечилери ажеп эмес. Бабанов өзү шайлоого барбаса да командасын чыңдап, келечектеги чоң күрөштөргө даярданып атканы байкалууда. Ким билет? Күздөгү саясый кырдаалдын оорлошуп кетишин ойлоп, алдын ала бир балээни сезгендей тымпыйып жатабы?

Эске салсак, буга чейин Бабанов Таласка гуманитардык жардамдарды, дары-дармектерди жеткирип, о.э. чет жерден келген дарыгерлерди чогултуп, аларга алкыш айтып, чакан болсо да иш-чараларды уюштурган. Пандемия апаатында элдин көңүлүнөн сырт калбай, кайрымдуулук иштерин жасап, байма-бай “жылт” эте көрүнө калып атканы да көп нерседен кабар берет. Кандай болгон күндө дагы, өткөн президенттик шайлоодо 600 миң добуш алган талапкердин саясаттан оңой эле кетип калышы күмөн жаратат. Балким, алдыдагы аламанда кызык оюнду баштап чыксачы?..

Булак: «Азия Ньюс»